Президент Башкы штабдын жетекчисине аскердик тартипти бекемдөөнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды
КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө жетекчиси Башкы штаб Куралдуу күчтөрдүн азыркы коркунучтарга жана талаптарга жооп бергидей күжүрмөн түзүмдөрдү калыптандыруу иштеринин аягына чыга электигин белгиледи.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Курман болгон аскердин берети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай турмушта курман болгон аскер кызматкерлери
Белгилей кетсек, Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө жоокер снарядка жарылып каза болгон болчу. 

Жолугушуунун алкагында мамлекет башчысы аскердик тартипти бекемдөө боюнча аскер жетекчилигинин, жоокерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн колбашчыларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Президент Башкы штаб Куралдуу күчтөрдүн азыркы коркунучтарга жана талаптарга жооп бергидей күжүрмөн түзүмдөрдү калыптандыруу иштеринин аягына чыга электигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0