Турсезонго карата Россиядан Кыргызстанга жаңы аба каттамдары ачылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттон учуп жаткан учак. Архив
Аэропорттон учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келчүлөрдүн чаны арбып жаткандыктан Белград, Челябинск, Екатеринбургдан аба каттамдары ачылмай болду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунан тарта Абакан — Бишкек аба каттамы ачылат. Бул тууралуу эл аралык Абакан аэропортунан белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, каттамдын жүгүртмөсү июнь айында толук кандуу бекитилип, аба байланышы "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт. 

Хакасиянын эл артисти Герман Танбаев мындан ары анын мекендештери эч кыйынчылыксыз эле Ысык-Көлгө келе аларын кошумчалады. 

"Буга чейин Ысык-Көлгө барып эс алуу үчүн Красноярск аркылуу учууга туура келчү. Же темир жол аркылуу барчубуз. Бул абдан ыңгайсыз. Буюрса, эч кыйынчылыксыз эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Танбаев. 

Авиакомпаниянын маркетологу Нурадил Темирбеков бул маалыматты тастыктап, ар апта сайын каттамдар Boeing 737-500 учагы аркылуу жүргүзүлүп турарын кошумчалады. 

"Бул кадам Красноярскиден Кыргызстанга келчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн улам жасалууда. Биринчи кеме 24-июнда учат", — деди Темирбеков. 

Ал туристтердин көптүгүнөн улам Белград, Челябинск, Екатеринбургдан дагы аба каттамдары ачыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0