"Фабула" гезити 20-майда чыккан санында "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Чолпон Султанбекова менен Тынчтыкбек Конушбаевди фракция лидери Канат Исаев мандаттан ажырата турганын жазды.
"… Бабановду сыздатып кеткен Султанбекова Канатбек Исаевди да сызга отургузуп кетти. Башкача айтканда, Канат спикерликке ат салышып жатканда ага каршы иштеди. Муну кеч билип калган Канат учурда Султанбековага тиш кайрап, Темир Сариевди жактап азуусун көрсөткөн Тынчтыкбек Конушбаев экөөнү мандаттан ажыратууга аракет көрүүдө", — деп жазат аталган гезит.
Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова гезитке чыккан бул маалымат чындыкка коошпой турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал эми Тынчтыкбек Конушбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде бул маалыматтардын калп экенин айтып, мындай кабарлар анын спикерликке болгон шайлоодо добушун Исаевге бербей коюшунан улам болуп жатышы мүмкүндүгүн айтты.
"Мен спикерди шайлап жатканда добушумду Канат Исаевге берген эмесмин. Ушунун негизинде алар божомолдоп, "демек Исаевди колдобой койду, ал эми муну кетирет" деп жатышса керек. Мага бул боюнча фракцияда күнөө коюлуп же кандайдыр бир башка сөздөр айтылган эмес. Менин кетүүмө эч кандай негиз да жок", — дейт ал.
"Ачык Саясат" гезити 20-майда чыккан санында азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетүү тууралуу арызын бергени тууралуу жазды.
"Башкы прокурор Индира Жолдубаева арызын жазыптыр деген сөз желдей тарады. Эми анын ордуна ким келет деген чоң суроо турат. Аталган кызматтын чоң жоокерчилигин мойнуна алып, ишти алып кете турган даяр кадр барбы? Кимдир-бирөөлөр Байтемир Ибраевди, Айбек Турганбаевди, Жылдыз Мамбеталиеваны айтышууда", — деп жазат аталган гезит.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул маалымат чындыкка жатпай турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
"Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматында иштеп жатат. Эч кандай арыз жазган жок", — дешти башкы көзөмөл органдын өкүлдөрү.
"Ушул тушта Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурунку премьер-министр Темир Сариевдин биригиши ыктымал экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Азырынча эки саясатчы тең мындай маалыматты расмий тастыктай элек", — деп айтылат гезитте.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул маалымат божомолдонуп гана жазылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Бул маалыматтар имиштин гана деңгээлиндеги сөз", — деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылы өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мыдай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.
"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.
"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардын ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.
Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.
Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.
Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.