Кыргыз балчыларын окутууга Улуу Британия 215 миң доллар жумшады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПасека в Новгородской области
Пасека в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл ичинде окууга 60 балчы менен бал сатуучулар катышкан.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Улуу Британия кыргызстандык балчылардын окуусуна 150 миң фунт (215 миң доллар) сарптады. Каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн. Бул тууралуу британиялык The Sun басылмасы жарыялады 

Балчылар менен бал сатуучулар үчүн уюштурулган окуу Кыргызстандагы балчылыкты өнүктүрүү боюнча эки жылдык программанын алкагында өткөрүлгөн. 

Дары-дармек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кургак учукка каршы 300 миң долларлык дарынын жараксыз болуп калышына ким күнөөлүү?
Программа "био ар түрдүүлүккө бай, бирок каржы жактан жарды" мамлекеттерге багытталган. 

Ушул эле программанын алкагында Кытайдагы саламандрлардын жана Азиянын бир катар мамлекеттериндеги үлүлдөрдүн тукумун көбөйтүү үчүн 800 миңден ашык сом бөлүнгөн. 

Басылмада белгиленгендей, Улуу Британиянын айрым чиновниктери мындай чыгымдарды сынга алган. Өнүктүрүү программасынын мурдагы катчысы Эндрю Митчел мындай чыгымдар эл аралык өнүктүрүү программаларынан шек санатып жатканын билдирген. 

Бирок өкмөттүн өкүлү (аты жазылган эмес) бардык эл бир планетада жашап жаткандыктан кызыкчылыктар бир болуусу керек экенин белгилеп, программаны колдой турганын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0