Коркмазов: прокурорлорго ыраазычылык билдирем

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСудебный молоток. Архивное фото
Судебный молоток. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуп жаткан Хажимурат Коркмазов ортомчу гана болгонун айтты.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Пара алды деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов сот отурумунда бул иште ортомчу гана болгонун айтып, прокурорлорго ыраазычылык билдирди. 

Буга чейин акыркы сөздү аны менен кошо айыпталып жаткан Данияр Нарымбаев айткан

Коркмазов мамлекеттик айыптоочуга жана жактоочуларына ыраазычылык билдирди.

"Адвокаттарыма рахмат айткым келет. Мен болгону жардам бергем. Мындан сырткары, мамлекеттик айыптоочууларга ыраазычылык билдирем. Мен ортомчу гана болгом. Соттордун калыстыгына ишенем", — деди Коркмазов.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер аппеляциялык арыз жазып, бул ишти учурда Бишкек шаардык соту карап жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0