Жайлоо бала бакчалары быйыл да уланат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖайлоодо ойноп жаткан балдар. Архив
Жайлоодо ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор 110 жайлоодо өнүгүү борборлорун ачууну пландап жатат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташтыкта "Жайлоо бала бакчалары" долбоорун улантат. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.

"Быйыл 110 жайлоодо өнүгүү борборлорунун ачылышы күтүлүүдө",— деп айтылат маалыматта.

2014-жылы республиканын аймактарында 35, ал эми кийинки 2015-жылы 87 жайлоо бала бакчалары ачылган.

Долбоор 2014-жылдан бери фонд тарабынан колго алынып, эки жылдын ичинде 3000дөн ашык тоо шартында жашаган малчылардын балдары билим алган.

жайлоо бала бакчасы, балдар, билим берүү,

Жаңылыктар түрмөгү
0