Айтматовдун ысымы Москвадагы дагы бир скверге берилди

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматов. Архив
Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жазуучунун аты Москвадагы бир гүл бакка жана Санкт-Петербургдагы скверге ыйгарылганы белгилүү.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Москва шаарынын Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин ортосунда жайгашкан скверге орнотула турган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жери аныкталып, болжолдуу схемасы түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн атайы Кыргызстандан скульптор Адил Сейталиев Москвага барып, шаардын Маданий мурас департаментинин монументтер, эскерүү белгилер жана мемориалдык такталар бөлүмүнүн башчысы менен жолукту. 

"Аталган скверге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган. Маданий мурас департаментинин өкүлдөрү эстелик орнотуу маселеси боюнча максималдуу көмөк көрсөтөрүн билдиришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуу учурунда уюштуруучу-техникалык маселелер талкууланды, эстелик орнотула турган жерди көрүп, эстеликти орнотуунун болжолдуу схемасы түзүлдү. 

Биринчи мугалим тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабаровск шаарында "Биринчи мугалим" тасмасы көрсөтүлдү
Белгилей кетсек, 14-апрелде Москвада Айтматов атындагы сквер ачуу тууралуу маселе каралып, комиссия Данилов районундагы Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин ортосунда жайгашкан скверге жазуучунун атын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алган. 

Айтматовдун атын Москвадагы Даниловский районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бак да алган. Ал эми былтыр Санкт-Петербург шаарында улуу жазуучунун ысымындагы сквердин ачылышына ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0