Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги эски дарак Зеленстрой ишканасынын кызматкерлери тарабынан кыйылды

Бишкектин борборунда 25 метрлик бак кыйылды

15
(жаңыланган 09:57 25.05.2016)
"Зеленстрой" ишканасынын бийик шатылуу унаасы жок болгондуктан кулап калуу коркунучу бар даракты кыюуга бир өрт өчүрүүчү унаа чакырылган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекте авариялык абалдагы дарактарды кыюу уланып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

  • Бишкекте авариялык абалдагы дарактарды кыюу уланып жатат
    Бишкекте авариялык абалдагы дарактарды кыюу уланып жатат
    пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Маалыматка ылайык бүгүн Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги эски дарак Зеленстрой ишканасынын кызматкерлери тарабынан кыйылды.
    Маалыматка ылайык бүгүн Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги эски дарак "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери тарабынан кыйылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте авариялык абалдагы дарактарды кыюу уланып жатат

Маалыматка ылайык бүгүн Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги эски дарак "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери тарабынан кыйылды. 

"Дарактын бийиктиги 25 метрди түзүп, ага 60-70 жыл болгон", — деп айтылат маалыматта.

"Зеленстрой" ишканасынын бийик шатылуу унаасы жок болгондуктан кулап калуу коркунучу бар даракты кыюуга бир өрт өчүрүүчү унаа чакырылган.

15
Белгилер:
авариялык абал, кыйуу, бак-дарак, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
ЦУМдун башкы директору: фонтанда турган мажүрүм талдарды сактоого аракет кылабыз
ЦУМдун жанындагы үч мажүрүм тал кыйылат
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

34
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

34
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

60
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

60
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео