Сценарист, жазуучу Талип Ибраимов дүйнө салды

Жазылуу
Ибрагимов 76 жашында узакка созулган оорудан кийин бүгүн эртең менен каза болду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Белгилүү сценарист жана жазуучу Талип Ибраимов бүгүн, 25-майда дүйнө салды. Бул тууралуу кино тануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Анын айтымында, 76 жаштагы Ибрагимов көптөн бери онкологиялык оорудан жапа чегип келген.

"Химиялык терапиянын биринчи айлампасынан ийгиликтүү өткөн. Айыгып кетет деген үмүтүбүз бар эле", — деди Төлөмүшова.

Ибраимов 1940-жылы 27-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин Москвадагы сценаристтер жана режиссерлордун жогорку курсунан окуп келген. Бүгүнкү күнгө чейин Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын башкы редакторлугун аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0