Кыргыз элечеги Россиядагы ири баш кийим музейине коюлат

© Фото / Гүлайым ШүкүроваРоссиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында
Россиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядан чыккан экспедиция мүчөлөрү Орто Азиядагы ар улут элдеринин баш кийимдери менен таанышып жана аларды топтоп жүрөт.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында болуп, анын колунан жаралган улуттук баш кийимдер менен таанышып, бир элечекти өздөрү менен алып кетмей болушту. Бул туурасында уз Калканова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

© Фото / Гүлайым ШүкүроваРоссиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында болду
Россиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Россиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында болду
© Фото / Гүлайым ШүкүроваЭкспедиция мүчөлөрү уздун коллекция кылып жүргөн элечектеринин бирин музейге алып кетмей болду.
Экспедиция мүчөлөрү уздун коллекция кылып жүргөн элечектеринин бирин музейге алып кетмей болду. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Экспедиция мүчөлөрү уздун коллекция кылып жүргөн элечектеринин бирин музейге алып кетмей болду.
1/2
Россиянын Вятские Поляны шаарынын атайын экспедициялык тобу Бишкектик уз Асел Калканованын өнөрканасында болду
2/2
Экспедиция мүчөлөрү уздун коллекция кылып жүргөн элечектеринин бирин музейге алып кетмей болду.

Аталган топ Кыргызстанга Орто Азияга жасаган сапарынын алкагында келген. Экспедиция дүйнө жүзүндөгү ар улуттун элдеринин баш кийимдери менен таанышып жана Вятские Поляны шаарында жайгашкан "Дом шляп" деп аталган баш кийимдер музейине экспонат чогултуу максатында уюштурулган. 

"Кыргызда баш кийим өтө ардакталаарын, байыртан берки улуттук баш кийимдерибизди кийгенде илгерки ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланары туурасындагы укканда алар абдан таң калышты", — деп билдирди Калканова. 

Ал эми экспедиция мүчөлөрү уздун коллекция кылып жүргөн элечектеринин бирин музейге алып кетмей болду. 

Бул музей 220 чарчы метр аянтты ээлеп, анда ар бир улуттун баш кийими экспонат катары коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0