Кара-Балтада тоо-кен комбинатынын маяна албаган жумушчулары митингге чыкты

Жазылуу
Нааразылык акцияга чыккан жумушчулар февралдан берки маянасын төлөп берүү талабын коюшту.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасынын жумушчуларына маяна жакынкы күндөрү берилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюздун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Маалыматка ылайык, сомдун теңгеге карата кымбаттап кетишинен улам казакстандык уранды Кыргызстанда байытуу пайда алып келбей калды. Анын үстүнө Казакстандын өзүндө бул сыяктуу эки ишкана бар. Ушуга байланыштуу жарым жыл ичинде 550 жумушчунун 230 кызматкери бошотулган. 

Бүгүн 200гө чукул адам митингге чыгып, февралдан берки маянаны төлөп берүүнү талап кылышты. 

"Жетекчилик эки апта ичинде маяна маселесин чечип берүүнү убадалады. Мындан сырткары, комбинаттын иш багытын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок өзгөрүүлөр жаңы жылдан кийин гана болот. Ошого байланыштуу айрым жумушчулар иш башталганга чейин айлык берүүнү талап кылууда", — деди Тажибаев. 

Ал митингге чыккандар менен жолугуу болуп, алар тарап кеткенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0