Талип Ибраимов менен коштошуу зыйнаты 27-майда өтөт

Жазылуу
Кесиптештери анын онкологиялык оору менен жабыркап келгенин, бирок айыгып кетет деген үмүт да чоң болгонун белгилешти.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Белгилүү сценарист, жазуучу жана публицист Талип Ибраимов менен коштошуу зыйнаты 27-май күнү өзү иштеген Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Эскерте кетсек, Ибраимов 25-майга караган түнү узакка созулган оорудан улам 76 жаш курагында каза болгон. Кесиптештери анын онкологиялык оору менен жабыркап келгенин, бирок айыгып кетет деген үмүт да чоң болгонун белгилешти.

Коштошуу зыйнаты саат 10.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0