Жээнбеков Ысык-Көлгө кетчү жолдо ажатканалардын жоктугуна нааразы болду

Жазылуу
Атайы туристтер үчүн быйыл 23 автобустук маршрут уюштурулат. Мындан тышкары, авиакаттам пландаштырылган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков туристтик сезонду өткөрүүгө арналган өкмөттүн жыйынында Ысык-Көлгө кеткен жолдо ажатканалардын жоктугу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал акыркы мезгилде дүйнөлүк маалымат каражаттарында Кыргызстан туризм үчүн жагымдуу өлкө экени айтылып, алдыңкы рейтингдердин сап башында турганын белгиледи.

"Буга биздин кооз табиятыбыз өбөлгө болууда. Бирок атка минерлер тарабынан өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга жетиштүү деңгээлдеги аракеттер көрүлбөй келет. Эң жөнөкөй эле, жолду бойлой ажатканалар жок. Бул көйгөй канча жылдан бери айтылып келе жатат. Эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек", — деди премьер-министр.

Жыйында туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов баяндама жасады. Анын айтымында, быйыл сезон учурунда Ысык-Көлгө 23 автобустук маршрут каттайт.

"Мындан тышкары, Омск — Чолпон-Ата, Чолпон-Ата — Алматы, Каракол — Алматы багыты боюнча эл аралык каттамдар ачылат. Буга катар 1-июлдан 28-августка чейин жумасына бир жолу Ош — Ысык-Көл — Ош багыты боюнча авиакаттам пландаштырылган", — деди министр.

Максутов учурда Россия менен Казакстандын шаарларынан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Астана — Тамчы — Астана жана Шымкент — Тамчы — Шымкент багыттары боюнча каттам ачуу маселеси сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0