Сот "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы 6,7 млрд. сомдук доону канааттандырды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүФемида таразасы. Архив
Фемида таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция "Кумтөр Оперейтинг Копманинин" үстүнөн төрт доо арыз берген. Анын жалпы суммасы 7 миллиард сомду түзгөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектин район аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы 6,7 миллиард сомдук доо арызын канааттандырып берди. Бул тууралуу аталган инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" ишмердүүлүгүн текшерүүдө "Кумтөр" кенинде бир катар экологиялык жана техникалык ченемдердин, ошондой эле мыйзамдардын одоно бузулушу аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 7 миллиард сомду түзгөн. Жалпысынан Бишкек район аралык сотко аталган компаниянын үстүнөн төрт арыз берилген.

"Кечээ арыздардын эң ириси — таштандыдан айлана-чөйрөгө келтирилген зыян боюнча иш каралды. Анын көлөмү 6 миллиард 698 миллион 878 миң сомду түзгөн. Сот арызды толугу менен канааттандыруу чечимин кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Инспекциядан калган бардык доо арыздар май айынын аягына чейин карала турганын кошумчалашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0