Сокулуктагы окуучулар акыркы коңгуроону барак тамда кагышты

© Фото / Зумрият РезахановаСокулук районундагы Западное айылынын окуучулары акыркы коңгуроодо
Сокулук районундагы Западное айылынын окуучулары акыркы коңгуроодо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башталгыч мектеп төрт бөлмөдөн — эки класс, коридор жана ашканадан турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сокулук районундагы Западное айылында окуучулар жарым-жартылай урап калган барак тамда окуп жатышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жергиликтүү жашоочу Зумрият Резаханова билдирди.

Чейректи жыйынтыктаган жылдын акыркы коңгуроосу урайын деп араң турган тамда кагылды. Бул жерде башталгыч класстын 60таш ашуун окуучусу билим алып келет. 

Резаханова имараттын курулганына 12 жылдан ашканын, ал учурда бул убактылуу имарат экендигин, себеби, жаңы имарат курулат деген убада болгондугун айтып берди.

"Акыркы коңгуроого бардым, бул уят эле көрүнүш. Балдар билим алып жаткан бул тамдар айыл сатып алган эски батирлер болучу", — деди Резаханова. 

10 жылдык, 20 жылдык… Ысыраптан соопчулукка баш коё баштаганда
Жергиликтүү жашоочулар бул жерде билим алууга эч кандай шарттар жоктугун айтып келет. Башталгыч мектеп төрт бөлмөдөн — эки класс, коридор жана ашканадан турат.

Билим берүү жана илим министрлигинен жаңы мектеп качан курулат деген суроого имарат авариялык объектилердин тизмесине киргендигин жана реконструкциялоо керектигин айтышты. 

Министрлик реконструкциялоо ишин күткөндөн башка ылаажы жоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0