Кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири — Зууракан Иманкалыкова эскерилет

© Фото / из семейного архива Зууракан ИманкалыковойКыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкова. Архив
Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иманкалыкованы элеттен таланттуу жаштарды жыйнап, идиректүүлөрүн жогорку окуу жайларга окууга багыттап, камкордук көргөндүгүн эскеришет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкованы эскерүү кечеси өтөт. Бул туурасында анын туугандары, иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Иманкалыкова өзүнүн өмүрүнүн чейрек кылымын кыргыз парламентине арнап, кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген. Үч ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайлаган.

© Фото / из семейного архива Зууракан ИманкалыковойБүгүн Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкованы эскерүү кечеси өтөт
Бүгүн Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкованы эскерүү кечеси өтөт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бүгүн Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкованы эскерүү кечеси өтөт
© Фото / из семейного архива Зууракан ИманкалыковойИманкалыкова өзүнүн өмүрүнүн чейрек кылымын кыргыз парламентине арнап, кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген
Иманкалыкова өзүнүн өмүрүнүн чейрек кылымын кыргыз парламентине арнап, кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Иманкалыкова өзүнүн өмүрүнүн чейрек кылымын кыргыз парламентине арнап, кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген
© Фото / из семейного архива Зууракан ИманкалыковойҮч ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайлаган.
Үч ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайлаган. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Үч ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайлаган.
© Фото / из семейного архива Зууракан ИманкалыковойБүгүнкү кечеде анын достору, туугандары, тарбиялануучулары, ал калыптандырып кеткен интеллигенция өкүлдөрү келип, бул тарыхый инсан туурасында айтып беришет.
Бүгүнкү кечеде анын достору, туугандары, тарбиялануучулары, ал калыптандырып кеткен интеллигенция өкүлдөрү келип, бул тарыхый инсан туурасында айтып беришет. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бүгүнкү кечеде анын достору, туугандары, тарбиялануучулары, ал калыптандырып кеткен интеллигенция өкүлдөрү келип, бул тарыхый инсан туурасында айтып беришет.
1/4
Бүгүн Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири Зууракан Иманкалыкованы эскерүү кечеси өтөт
2/4
Иманкалыкова өзүнүн өмүрүнүн чейрек кылымын кыргыз парламентине арнап, кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген
3/4
Үч ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайлаган.
4/4
Бүгүнкү кечеде анын достору, туугандары, тарбиялануучулары, ал калыптандырып кеткен интеллигенция өкүлдөрү келип, бул тарыхый инсан туурасында айтып беришет.

Иманкалыкова кыргыз улутунун интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн башында турганын айтышат. Элеттен таланттуу жаштарды жыйнап, идиректүүлөрүн жогорку окуу жайларга окууга багыттап, камкордук көргөндүгүн эскеришет.

Кыргыз ССРинин парламентиндеги ишмердигин Иманкалыкова президиумдун аппаратында бөлүм башчы катары уюштуруу иштери маселелери, ошондой эле мунапыс жана сыйлык маселелери боюнча иштөө менен уланткан. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССРдин тарыхы кафедрасында улук окутуучу, кафедранын доценти болуп эмгектенген жана даярдоо бөлүмүнө 10 жыл жетекчилик кылган. Тарых илимдеринин кандидаты катары ал кийин өлкөбүздүн белгилүү окумуштуулары, мамлекеттик ишмерлери болушкан көптөгөн студенттерди тарбиялаган жана даярдаган.

Замандаштары ал жаш кезинен тарта эле ири коллективдерди башкарып, респубиликанын ак кар, көк муздуу жерлерин тынбай кыдырып, эмгек артынан түшкөн каарман болгондугун айтышат.

Ал Исхак Раззаков, Леонид Брежнев, Төрөбай Кулатов, Константин Юдахин, Күлүйпа Кондучалов, Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматовду жакындан билип, тыгыз иштешкен.

Иманкалыкова мамлекеттик ой жүгүртө билүүсү, бийик руханий сапаты, акыйкаттуулугу жана кандай гана маселе болбосун аны оң чече билүүсү менен айырмаланган.

"Ал биз үчүн Кыргызстандын элине берилип жана ак дилден кызмат кылуунун үлгүсү болчу",— деп эскеришкен анын замандаштары.

Бүгүнкү кечеде анын достору, туугандары, тарбиялануучулары, ал калыптандырып кеткен интеллигенция өкүлдөрү келип, бул тарыхый инсан туурасында айтып беришет.

Зууракан Иманкалыкова 2011-жылы Бишкек шаарында каза болгон.

Кечеге келгендер уюштурулган фотокөргөзмө, анын документтери, грамоталары, ал тууралуу басылмаларга чыккан макалалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0