Ош шаарында 6,5 миң бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды

© Sputnik / Айша КамиловаОш шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүлөрү
Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанаттуу иш-чара №12 мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн дагы өткөрүлдү. Анда бүтүрүүчүлөр мектеп вальсын бийлешти.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды.

© Sputnik / Айша КамиловаБейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды
Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды
© Sputnik / Айша КамиловаОш шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар
Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар
© Sputnik / Айша КамиловаАлардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет
Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет - Sputnik Кыргызстан
3/5
Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет
© Sputnik / Айша КамиловаОлимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты
Олимп мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты - Sputnik Кыргызстан
4/5
Олимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты
© Sputnik / Айша КамиловаМугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту.
Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту.
1/5
Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды
2/5
Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар
3/5
Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет
4/5
Олимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты
5/5
Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту.

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсановдун берген маалыматына караганда Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар. Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет.

"Шаардын мектеп окуучулары аймактык жана республикалык деңгээлдеги олимпиадаларда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, коомдук иштерге да активдүү катышат", — деп билдирди Кимсанов. 

"Олимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты. Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту.

Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара №12 мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген бүтүрүүчүлөр үчүн дагы өткөрүлдү. 8-класстын бүтүрүүчүлөрү мугалимдерине мектеп вальсын бийлеп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0