Кайгуул милициясы: акыркы коңгуроо тынч аяктады

Жазылуу
Түндө мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан олуттуу чыр-чатак катталган жок.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Акыркы коңгуроо майрамы тынч аяктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБнын Кайгул милиция башкармалыгынын полк командири Эрлан Атантаев билдирди.

Эскерте кетсек, 27-майда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылып, андан соң майрамдык шаан-шөкөт таң атканча уланган. Атантаевдин айтымында, окуучулардын катышуусундагы эч кандай чыр-чатак катталган эмес. 

"Бир сутка ичинде унаа бейбаштыгы боюнча 800дөн ашуун протокол түзүлдү. Мында балдар негизинен унаа терезесинен белине чейин чыгып алышып, кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу салышкан", — деди ал. 

Атантаев милиция кызматкерлери окуучулар көп чогулган жерде тартипке көз салышканын белгиледи.

"Майда-чүйдө ызы-чуулар боюнча билдирүүлөр түшүп жатты. Биздин кызматкерлер тартипти көзөмөлдөп турушту. Негизи майрам олуттуу чыр-чатаксыз соңуна чыкты", — деди командир. 

Бул күнү 11-класстын 62 миң окуучусу мектеп менен кош айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0