Бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдан кийин табылган каты

© Sputnik / Андрей Теличев / Медиабанкка өтүүКат окуп жаткан адам. Архив
Кат окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөр саргайган барактарын окуп, убакыттын учкулдугуна бирде баш чайкашса, бирде кубанып жаткан чагы

БИШКЕК, 28-май— Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарында 27-майда коштошуу кечелери өттү. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үсөнбай Акынбеков атындагы мектепти мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр аземге келип өздөрү күтпөгөн окуяга туш болушту. Бул туурасында бүтүрүүчүлөрдүн бири кабарлады. 

"Мындан туура 20 жыл мурун каалоо-тилек жазып, аны аба кирүүчү түтүктөрдүн ичине ичине катып койгонбуз. Бүгүн катты таап алып саргайган барактарын окуп, убакыттын учкулдугуна бирде баш чайкап, бир кубанып турабыз", — деп билдирди ал. 

Кечээ Кыргызстандын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылып, мындан улам мектепти 5, 10, 20, 30 жыл мурда билим уясынан учкан бүтүрүүчүлөр чогулуп, окуучулук кездерин эстешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0