Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурт Коркмазов. Архив

Экс-депутат Хажимурат Коркмазов эркиндикке чыкты

458
(жаңыланган 11:10 30.05.2016)
Коркмазов Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурт Коркмазов убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. 

Эске сала кетсек, 24-майда Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши каралып, соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган

Ага ылайык, Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Коркмазов 10 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отургандыктан, жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелинет. Анткени убактылуу кармоочу жайдагы бир күн эки күнгө тете саналат. 

"Хажимурат Коркмазов ишемби күнү эркиндикке чыкты. Учурда үй-бүлөсү менен эс алууда. Ден-соолугу жакшы. Соттун чечими боюнча апелляциялык арыз жазуу боюнча бир пикирге келе элекпиз", — деди адвокат. 

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер аппеляциялык арыз жазып, иш Бишкек шаардык сотунда каралган. 

458
Белгилер:
Хажимурат Коркмазов, арыз, сот
Тема:
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

26
Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

26
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, пост, сүрөт, майрам, куттуктоо
Тема боюнча
Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты
Камкордук керек. Жапаров элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

20
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

20
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы