Мелис Турганбаев отставкага кетишинин себебин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президент Атамбаев ИИМ министрди Мелис Турганбаевди кызматтан алуу боюнча Жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бүгүн кызматынан бошогон мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев чарчагандыктан улам отставкага арыз жазганын жана министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кашкар Жунушалиев боюнча Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди. 

Бүгүн президент Атамбаев Мелис Турганбаевди кызматтан алуу боюнча Жарлыкка кол койгон.

"Менин отставкага кетишимдин эч кандай деле кескин себептери жок. Чарчадым, эс алайын деп чечтим. Ар бир адамдын Конституцияга ылайык, эс алууга акысы болсо керек. Акыркы ирет эс алууга мындан алты жыл мурда чыгыптырмын", — деди экс-министр Турганбаев.

Ал министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кашкар Жунушалиев туурасында пикирин айтты.

"Кашкар Жунушалиев — мыкты офицер жана жакшы кадр. Шаардык милицияны башкарып көп жыл иштеди. Тажрыйбалуу. ИИМдеги мен баштаган реформаларды улантып кетет. Менимче, кадр жакшы тандалды деп ойлойм", — деди Турганбаев. 

Анткен менен экс-министр анын ордуна башка адам дайындалат деген ою болгондугун кошумчалады.

Турганбаев өзүн буга чейин басма сөз каражаттарындагы өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы болот деген маалыматтар боюнча кабары жоктугун айтты. 

"Бул жөн эле сөздөр болсо керек. Эс алам, калганын кийин көрө жатарбыз",— деди Турганбаев.

Турганбаев ИИМ жетекчилигине 2014-жылдын октябрь айынын башында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0