Акыйкатчы: мугалимдин малга теңеши окуучу кызды өмүрүнө кол салууга түрткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив
Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Классташтарынын алдында мугалимдеринин кемсинткенине ызаланган кыз катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа алдына боюн таштаган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Мугалимдердин кагып-силкүүсү окуучу кыздын өз өмүрүнө кол салышына түрткү болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдирди. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин наамына Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Ал жерде №64 мектеп-гимназиясынын суицидге барган кыз боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартуу өтүнүчү келтирилген. 

Арызда суицидге барган кыз үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү мугалимдер тарабынан катуу кагуу жегени баяндалат. 

"Физика, тарых сабактарынын мугалимдери жана класс жетекчиси кызды "мал" деп атап, эч нерсени билбейсиң деп урушкан. Мындан сырткары айылдан келгенин айтып, чейректен эки чыгарабыз деп коркутушкан", — деп айтылат билдирүүдө. 

Билим берүү министри Элвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: балдар арасындагы суицид негизинен ата-энелерге байланыштуу болуп жатат
Акыйкатчы институтунун билдиришинче мугалимдердин кагуусуна ызаланган кыз катуу ылдамдыктагы унаага боюн таштаган. 

Учурда суицидге барган окуучу ар кандай жараат менен №3 балдар ооруканасында дарыланууда. 

Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен аталган мектептин жетекчилиги маалымат бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0