Гаагдагы эл аралык арбитраждык сот. Архив

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди

93
(жаңыланган 18:35 31.05.2016)
Арбитраждык соттун жыйыны Стокгольмдо өтөт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берди. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Centerra Gold Inc. компаниясы арбитраждык сотко Кумтөр маселеси боюнча талаштын создуктурулуп кетиши боюнча кайрылганын айтып, КР өкмөтүнө билдирүү жөнөткөн.

"Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова чындап эле арыз менен эл аралык сотко кайрылганын тастыктап, иш Стокгольмдо өтөрүн кошумчалады.

26-майда Бишкектин район аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы 6,7 миллиард сомдук доо арызын канааттандырып берген. 

Кумтөр кенинин айланасындагы экологиялык жаңжал эмнеге алып келиши мүмкүндүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуз>>

93
Белгилер:
сот, алтын кени, Москванын арбитраждык соту, Кумтөр
Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Тема боюнча
Сот "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы 6,7 млрд. сомдук доону канааттандырды
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

5
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

5
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

17
(жаңыланган 11:59 02.12.2020)
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

17
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү