Бала үчүн баарына даяр ата-эненин жүрөккө жакын 10 адаты

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын ойнотуп аткан ата. Архив
Кызын ойнотуп аткан ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аска-зоо тирегибиз болгон ата-энелерибизге биз ар убак бала бойдон кала беребиз. Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт деген кеп жөн айтылбаса керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги бардык ата-энеге тийиштүү 10 адатты тизмектеп чыкты. Карап көрүңүз, сиздин ата-энеңиз да ушинтеби?

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүн Балдарды коргоонун эле эмес, ата-энелердин да эл аралык күнү. 2013-жылдан бери белгиленип келе жаткан бул майрам дүйнөдөгү эң кымбат адамдарыбыз болгон ата, апаларыбызга арналып, аларга жакшы сөздөр айтылат. Куранда айтылгандай, ата-эненин ыраазычылыгын албаган адам бейишке кирбейт. Андыктан бул күнү ак калпакчан аталардан, ак элечек апалардан бата алчу күн. 

Майрамды утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги сүйүктүү ата-энелерибиздин 10 адатын сунуштайт.

  1. Ата-эне өзү ачка отурса да балапанынын оозуна жем салат. Биринчи балдарын тойгузган соң гана көңүлү, анан барып курсагы тоет. 
  2. Сиз канча жашка чыкпаңыз, сыналгынын пультун алып бер деп ата-энеңиз сизге гана кайрылат. Мейли депутат, мейли министр болуңуз, үй-бүлө чогулган жерде сыналгыдан эмне көрүүнү баары бир ата-эне чечет. 
  3. Кандай гана кыйынчылык болбосун, алар ар убак жардамга кол сунат. Кыйналып жатканыңызды билсе, акча бере албаса да тоңдурулган чучугун салып жиберет. 
  4. Эгерде сиз башка өлкөгө окуганы же иштегени барсаңыз, ата-энелер ал өлкө тууралуу тыңчыдай маалымат чогултуп, эмне болгонун сизден биринчи билип турушат. Андан да кыпындай бир нерсе болгонун укса тез арада үйгө кайтууңузду талап кыла баштайт.
Эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ай чыккан сайын апамды эстейм…
Балам, балалуу болгондо билесиң. Сиз 10 балалуу болгон күндө да алардын тилин угасыз. Анткени ата-энелер небере-чөбөрөнү кантип тарбиялоону сизге караганда жакшы билет.
  • Убакыттын өтүшү менен эң даамдуу беш бармак балалыгыңыз өткөн үйдө гана жасаларына ынанасыз. 
  • Ар убак айылга барганыңызда ата-эне сандыкка каткан таттууларын чыгарып, майрам кылып жиберет. Анын баары сиздин бат-баттан келип турууңуз үчүн жасалат.
  • Кошуна-колоң менен сүйлөшүп жатып ата-эне дайым сизди мактап-жактап турат. Ошентип сиз "элдин балдарына" айланасыз. 
  • Сиз үчүн интернеттин тилин үйрөнүп, смс жазат. Аны аз десеңиз селфи жасап, керек болсо скайпты да өздөштүрөт. 
  • "Балапаным", "күчүгүм", "жөжөм" деп сизди бир гана ата-энеңиз эркелете алат. Алар тирүү турганда сиз эркелейсиз, наалыйсыз, арманыңызды айтасыз. Бир гана ата-эне чын жүрөктөн арманыңызды да, кубанычыңызды да тең бөлүшөт.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0