Курулуш иштери. Архив

Караколдо активисттер 60 миң долларлык долбоор утуп, эс алуу жайын курганы жатышат

480
(жаңыланган 17:34 01.06.2016)
Караколдогу эс алуучу жайдын курулуш иштери июлдун башында башталып, октябрда бүткөрүлүүсү пландалууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Каракол шаарына 60 миң долларга эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Дестинация Каракол" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Рахат Жамалова билдирди. 

Жамалова болгону 24 жашта. Ал өзүнүн пикирлештери менен биргеликте долбоор жазып алгачкы чоң ийгиликке жетишти. 

"Бирикме быйыл түзүлгөнү менен 2015-жылдан бери эле коомдук иштерге активдүү катышып келебиз. Маселен былтыр чет элдик уюмдардын бири бизнести өнүктүрүү боюнча программасын жарыялаган. Анын негизинде долбоор жазып 60 миң доллар утуп алдык", — деп билдирди Жамалова. 

Анын айтымына караганда берилген каражатка эс алуучу жай 1-июлдан тартып курула баштайт. 

"Кечээ шаардык кеңештин сессиясында "Каракол" дарыясынын жээгине эс алуучу жай куруу үчүн 1 гектар 60 сотых жер бөлүп берүү чечими чыгарылды. Эми анын негизинде башкы план түзүлө баштайт. Аны шаардык архитектура менен биргеликте ишке ашырабыз. Курулуш иштери октябрь айында бүткөрүлөт", — деп ырастайт Жамалова. 

Бөлүнгөн аймакка эки көпүрө, асман алдындагы кинотеатр, сахна, спорттук аянт, велосипед тебүүгө атайын жол жана отургучтар курулуп шам чырактар орнотулат. Жамалованын айтымында, дагы эмнелер салына тургандыгы башкы планды түзүүдө каралат. 

"Караколго келген туристтер 1-2 күнгө келип эле кетип калышат. Ошон үчүн туристтерди кызыктырган жайларды көбөйтүү — биздин негизги максат. Шаарымды абдан жакшы көрөм. Бишкекке же дагы башка жакка кетким келбейт. Буюрса ушул жерде жашап, жаш маалымда шаардын өнүгүшүнө салым кошууга бардык күчүмдү жумшайм", — деп кошумчалады Жамалова. 

Ал билдиргендей курула турган эс алуучу жай муниципалитеттин балансында калат. 

Бул боюнча Каракол шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев долбоорду ишке ашыруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин бир добуштан колдоп беришкенин билдирди.

"Алгач депутаттарга долбоор тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык суроолорго жооп алынгандан кийин 31 депутаттын 30у колдоп берди, бирөөсү жыйынга келбей калган эле", — деп билдирди Айтбаев. 

Ал эми Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов аталган эс алуучу жай тууралуу толук маалыматы жок экенин билдирди. 

"Бул тууралуу уккам, бирок толук маалыматым жок. Себеби Туризм департаменти коомдук активисттердин, ишкерлердин ишине кийлигишүүгө же текшерүүгө милдеттүү эмес. Биз туризмди өнүктүрүүдө пайда болгон бөгөттөрдү жоюп, жасалып жаткан жакшы иштерди пропагандалаганга шарт түзөбүз", — деп билдирди Жаманкулов.

Ал билдиргендей Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү үчүн салым кошкон активисттер менен ишкерлер жыл аягында департамент тарабынан өткөрүлчү "Turism Awards" сыйлыгына ээ болушат. 

480
Белгилер:
жайкы эс алуу, долбоорлор, туризм, Каракол, Ысык-Көл
Тема боюнча
Турсезонго карата Россиядан Кыргызстанга жаңы аба каттамдары ачылат
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

39
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

39
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

43
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

43
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

21
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

21
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү