Чубак ажы орозо кармоонун эрежелерин түшүндүрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов. Архив
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналарын белгиледи.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Орозо кармоо жөн гана тамакты чектөө эмес, башкаларды капа кылуудан, арам оокаттан, жаман сөздөрдөн тазалануу болуп саналат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов билдирди. 

Анын айтымында, Орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналат. 

"Орозодон боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар, сапардагылар бошотулат. Булар кийин маселеси чечилген соң орозолорун толуктап кармашы керек", — деди Чубак ажы. 

Ал Орозо таң аткандан күн батканга чейин кармаларын, муфтият тарабынан чыгарылган календарь менен орозо кармаса туура болорун кошумчалады. 

"Ооз чайкаганда орозо бузулбайт. Болгону жутуп жибербеш керек. Тамеки тартканда орозо бузулат. Сууга чайынууга, бассейнге түшсө болот. Болгону оозго же мурунга суу кирип кетпеши керек", — деди аалым. 

Чубак ажы орозонун пайдасы өтө көп экенин айтып, ден-соолукка да пайдалуу экенин кошумчалады. 

"Орозо кармоо жөн гана тамакты чектөө эмес, башкаларды капа кылуудан, арам оокаттан, жаман сөздөрдөн арылуу. Жан дүйнөнү жаңыртуу", — деди Чубак ажы.

Тесме кармаган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат
Эскерте кетсек, быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат. 

Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленет. 

Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт. 

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0