Air Astana кардарларын Бишкектен Ысык-Көлгө чейин бекер алып барат

© Фото / Александр ФедоровЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлгө алып барып келүү жумасына үч жолу автобус менен жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Air Astana авиакомпаниясы Бишкектеги "Манас" аэропортунан Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына чейин жүргүнчүлөрү бекер алып барып келет. Бул тууралуу авиакомпаниянын расмий сайтында маалымдалды.

Мындай бекер кызмат 8-июндан 8-июлга чейин Астана — Бишкек каттамы боюнча учкан бардык жүргүнчүлөргө жеткиликтүү болот.

"Манас" аэропортуна келип конгон жүргүнчүлөрдү компаниянын өкүлү Чолпон-Ата шаарына чейин жеткире турчу автобуска отургузат

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон 7-майда расмий түрдө ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0