Эне өлүмүн кыскартууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жардамдашат

Жазылуу
Жолугушууда өзгөчө кырдаалга туш болгон өлкөлөрдү ар тараптуу колдоо боюнча программа кабыл алынган дүйнөлүк ассамблеянын сессиясы талкууланып, Мукашев аталган программага Кыргызстан да кирерине үмүт артты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанда эне өлүмүн кыскартуу боюнча жасалып жаткан реформаларга техникалык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чен менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборуна барды. - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев рак менен ооруган балдарга 5 млн. сом бөлдү
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аталган жолугушуу 1-июнь күнү Женевада болгон. Мында тараптар кызматташуу жаатындагы маселелерди козгошту. 

Андан сырткары, жолугушууда өзгөчө кырдаалга туш болгон өлкөлөрдү ар тараптуу колдоо боюнча программа кабыл алынган дүйнөлүк ассамблеянын сессиясы талкууланды. Мукашев аталган программага Кыргызстан да кирерине үмүт артты.

Доктор Чен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргыз тараптын сунушун кылдат карап чыгып, ден соолукка кам көрүү жаатында кызматташууну улантарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0