Валентина Шевченко: машыктыруучум мени жана кафедеги кишилерди сактап калды

© REUTERS / Mark J. RebilasКыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн дем алыш күнү Федотов Перу мамлекетиндеги кафелердин биринде каракчыларга курал менен каршылык көрсөткөн болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко өзүнүн Facebook баракчасына Перудагы кафелердин биринде болгон атышуу, өзү жана машыктыруучусу жөнүндө билдирүү жазды.

Тайбоксчу Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эже-сиңди Шевченколорду машыктырган Федотов тууралуу 7 факты
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу кыз машыктыруучусу менен Перудагы кафелердин биринде атышууга кабылган. Каракчылардан коргонуу үчүн Федотов жанында алып жүргөн тапанчасын колдонууга аргасыз болуп, ичине ок жеген. Атышуу учурунда каракчылардын бири каза болгонун MMA Fighting сайты жазып чыккан.

Шевченко ага жылуу сөздөрдү айтып, колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.

"Мен залдын аяк жагында отургам. Куралчан каракчылар столдо отургандарды тоноп жатканын көрдүк. Бизге жакындап келгенде Павел чечкиндүү кадамга барды", — деп жазат Шевченко.

Анын айтымында, эгер каракчылар Федотовдун тапанчасы бар экенин билгенде аны полиция деп ойлоп, атып салышмак.

Шевченко учурда машыктыруучусунун абалы жакшы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0