Кесиби үн режиссеру, бирок жыгач усталыкты, анын ичинен кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев. Архив

Жетимдерди комузга жетелегиси келген Азамат уста өнөктөш издеп жүрөт

231
(жаңыланган 16:13 02.06.2016)
Азамат ата-энеси жок балдарга көмөк көрсөтүп, аларга жок дегенде руханий жактан колдоого даяр болуп, бул оюн ишке ашыруу үчүн өнөктөш, көмөктөштөрдү издеп жатат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кесиби үн режиссеру, бирок жыгач усталыкты, анын ичинен кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев учурда демилге көтөрүп, балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөрдү комуз менен бекер камсыздоо максатын коюп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жакшы саамалыктын демилгечисине жолугуп, кепке тартты. 

Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет. Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт. 

  • Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.
    Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт.
    Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.

Азамат балдарга жардам берүү боюнча бул оюн бир нече жылдан бери көкүрөгүнө багып жүрүп, эми сыртка чыгарып жатыптыр. 

"Окуумду бүткөндөн кийин "Кыргызтелефильм" киностудиясында иштеп жүргөн учурда балдар жана алардын чыгармачылыгы тууралуу берүүлөрдү тартчубуз. Анан балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын музыкалык инструменттерде ойноорун, ага кызыгаарын иликтей баштадым. Жардам берип, музыкалык жабдууларды жасап берсем деген ой келди", — деп Беделбаев айтып берди.

Ал өзүнүн пикирлеш досу Адилет Искаков менен ата-энеси жок балдарга көмөк көрсөтүп, жок дегенде руханий жактан колдоого даяр болуп, бул оюн ишке ашыруу үчүн өнөктөш, көмөктөштөрдү издеп жүргөндүгүн айтты.

"Мындай ишке киришүү үчүн, тагыраагы чеберкана ачууга болжол менен 10 миң доллар тегерегинде каражат кетет экен. Буга чейин долбоор жазып, катышайын десем, менин туура эмес келген жерим – жеке тарап болгондугум экен. Көп жерден колдошпой, баш тартышты. Эми деле аракетимди токтотпой, издештирип жатам", — деди ал.

Баам салсак… балдар үйүндөгү балдардын көкүрөгүндө эмне бар? 

Беделбаев мээримден сыртта калган жетим балдар коом аларга жылуу мамиле жасаганын көрсө, жок дегенде жаман жолго азыраак түшөт эле деген ишеним менен бул иштин артынан жүгүрүп жүргөнүн айтты.

"Баам сала келгенде, алар кандай жашап, эмне кылып жатат, жан дүйнөсү, ички дүйнөсүнүн байлыгы кандай абалда, кызыккан, маани берген адам аз. Колдоо кылып, аларды ойлоп, кам көргөн коом бар экендигин билдирсек, балдар жаман жолго аз түшөт эле деп ойлойм. Алар окуусун аяктагандан кийин музыкант болом десе, башка жогорку окуу жайларга тапшырганга сүрмөлөп, кеп-кеңеш айтып, жардам кылат элек", — дейт биздин маектеш.

Беделбаев Бишкектин айланасындагы мектеп-интернат менен балдар үйлөрүнө баш багып, музыка сабагы кандай окутулуп жаткандыгына кызыгып көрүптүр. Өзүнүн демилгесин сунуштап, бир катар билим жайларынын жетекчилери менен бул маселени талкуулагандыгын айтты.

"Балдар үйлөрүндө музыка предмети бар болгону менен комуз үйрөтүлбөйт экен. Директорлору менен сүйлөшүп, комуз жасап берсек, окутасыздарбы деп сурасак, окутууга даяр экендиктерин айтышты. Буюрса, чеберкана ачканга аракет кылып жатабыз. Балдар үйүнөн комузга кызыккан жок дегенде кантип бир бала чыкпасын. Бери дегенде эле кийин кайра эле мугалим болуп иштейт эле да", — деди Беделбаев.

Азамат эгерде тилеги ишке ашып калса, республика аймагы боюнча жылына 30 комузду балдар үйү менен интернаттарга таратып, көзөмөлдөп, сынган, бузулган жерлерин оңдоп берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Беделбаев пландаган комуз жасаган цехин ачса, негизинен ишке майып адамдарды алууга ниеттенип жатат.

"Бир буту жок кошуна баланы жакшы тааныйм. Ушундай майып дагы бир байке бар. Цех ачылып калса, ошолорду ишке алат элем. Бири музыкалык аспаптарга абдан кызыкса, экинчиси тери менен жакшы иштей алат. Себеби алар да алты саны адамдардай эле оокат кылып, каражат таап, толук кандуу өмүр сүргөнгө акылуу", — дейт Азамат. 

Беделбаев эгерде бул демилгеге кайдыгер карабаган замандаштар болсо, иштешкенге даяр экендигин айтат. Каражат маселеси чечилсе, бул ишти эртерээк баштоо ниети азыр Азаматта күч экендигин байкадык. 

231
Белгилер:
Азамат Беделбаев, музыка, жетимдер, комуз
Тема боюнча
Көзү азиз марафончу: көрбөсөм эле колумдан эч нерсе келбей калмак беле
Москвада иштеп жүрүп, колун аппаратка чайнатып жиберген Салтанат
Экзамен тапшырып жаткан мигранттар. Архив

Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү

4
(жаңыланган 12:09 01.08.2021)
Россия мигранттардан экзамен алуу жана документтерин жалпы маалыматтык системага киргизүү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россияда мигранттардан экзамен алууга байланыштуу бир катар токтомдор күчүнө кирди. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, мындан ары орус тили, тарых жана өлкө мыйзамдары боюнча экзамендин материалдары үч жылга чейин сакталат.

"Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуу тартиби жана материалдарды сактоо" токтомуна ылайык, мигрант берген экзамендин жыйынтыгы сертификат алган күндөн тарта үч жыл сакталып, андан кийин жок кылынат.

"Квалификация жана билим алгандыгы тууралуу документтердин федералдык реестри жөнүндө" токтом боюнча, мигранттын документтери жалпы маалыматтык системага киргизилиши зарыл.

Ал эми "Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуунун баасы тууралуу" токтомго ылайык, мигранттар убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырууга эң көп дегенде 5,9 миң рубль төлөшү керек. Ал эми ишке орношуу же патент алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырса баасы 3,8 рубль болот.

4
Белгилер:
Россия, мигранттар, экзамен, мыйзам, токтом
Тема боюнча
25-июлдан тарта Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси менен гана кирүүгө болот
Оорукана. Архив

COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар

15
(жаңыланган 10:53 01.08.2021)
Эң көп орундар Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде бар. Азыр бул жерде 163 орун бош.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белиндеги коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 612 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 1-август, саат 10:00гө карата берилди.

  • Улуттук хирургия борбору — 18;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 7.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 44;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 22;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 69;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 15;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 39;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 37;
  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 18;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 40;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 30;
  • Аскердик госпиталь — 13;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 64;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 163;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 38;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 8.
15
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, оорукана, коронавирус, бош орундар
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"Спутник V" менен башка вакциналарды айкалыштыруунун коопсуз экени аныкталды
Кыргызстанда 954 адам коронавируска кабылды. 1-августтагы статистика