Улуттук кийим кийген кыз. Архив

Балык жон, баскан изин бычактоо, баш канжыгада. Маанисин билесизби?

(жаңыланган 22:59 02.06.2016)
Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп эсептелет. Кепте даяр түрдө колдонулуп, карапайым сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жетелейт.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди. 

Бака маңдабай калган — адам түгүл бака жашабаган ээн, бош калган жер. Бака негизинен сууда жашагандыктан салыштыруу иретинде айтылып калган. Тагыраагы, суу жок жерде бака жок. Суу жок болсо ал жерде адам дагы жашабайт. Демек бака маңдабай калган деген кароосуз калган ээн жерди түшүндүрөт. 

Балакетиңди алайын — жамандык менен кыйынчылык сага эмес, мага келсин, оор жүгүңдү мен көтөрөйүн деген маанилерди түшүндүрөт. Мындай кепти көбүнчө ата-эне, чоң ата, чоң энелер балдарына айтышат. 

Бала салуу — бул убактысынан эртерээк тууп койгон малга айтылат. "Кой бала салып койду" десе мөөнөтүнөн эртерээк туулуп өлүп калды дегенди билдирет. Аталган фразеологизм малга гана айтылат. 

Балык жон — илгери шифер жок маалда тамдардын үстүн балык жон кылып салышкан. Бул ортосу көтөрүңкү, эки жак капталы эңкейип кеткен деген маанини билдирет. "Балык жон болуп жатат" деп дөбөлөр менен тоо кыркаларын да айтышкан. 

Баскан изин бычактоо — бир адамга касташууну билдирет. "Душмандын көзүн тазалаш керек, анын жашоого акысы жок, өлтүрүп салуу керек" деген мааниде колдонулат. 

Бабасын таанытты — бирөө жарым "мен ага бабасын таанытам" десе жаманчылык кылганы жатканын түшүнсө болот. Себеби айтылган фразеологизм жаман көргөн адамдын артынан түшүү аны кыйноо, жамандык жасоо дегенди билдирет. 

Багың байлангыр — жакшылык көрбөй кал деген сөздүн синоними болуп, каргыш иретинде айтылат. 

Бал тилге салуу — жагымдуу сөздөрдү сүйлөп адамды алдоо, азгыруу дегенди билдирет. Бал тилге салган адамдын артында туура эмес максаты болушу мүмкүн. 

Баш канжыгада, кан көөкөрдө — өзүнүн башын тобокелге салып майданга жөнөгөн адамдарга карата айтылган. Илгери жоокерлик заманда душмандар менен кармашууга аттанган жоокердин тирүү келери белгисиз болгондуктан үй-бүлөсү менен коштошуп кеткен. Ошол себептен "анын башы канжыгада, каны көөкөрдө" деп айтып коюшкан. Канжыга деген — бул ээрдин артындагы тегерек темир. Ага ичке узун кайыш жип байланат. Кайыш үзүлбөгөндүктөн жүктөрдү, тамак-аштарды ошол жерге байлап коюшкан. Жоокердик заманда аскерлердин буту сынганда дагы ошол жипке асып байлап коюшкан. Себеби сынган бут ылдый карай салаңдап турса бутка күч келип ооруган. Ал эми көөкөр деп териден жасалган идишти түшүнүү керек. 

Белгилер:
филология, фразеологизм, тил
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Адалдан түгү жок, азармандан безерман. Фразеологизмдердин маанисин билесизби?
Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта