Бишкектеги Ботаникалык бак таштандыдан арылат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТаштандыны тазалоо. Архив
Таштандыны тазалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембилик 5-июнь — айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ботаникалык бак таштандыдан арылат. Июнь айынын биринчи ишембиси 4-июнда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кадамжайдын жаштар фонду менен биргеликте ишембиликке чыгат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 5-июнь — айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

Ошондой эле кечки саат 18.00дөн 20.00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында "Open Air – социалдык бийлер кечеси" өтөт.

Ботаникалык бакча 1938-жылы түзүлгөн. 1964-жылы ага илим-изилдөө институту статусу берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0