Адвокат: Элдик парламенттин камактагы өкүлдөрүн №1 абакка которгону жатышат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан оппозиционерлерди УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан №1 абакка которуу үчүн соттун чечими керектигин билдирди.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Белгисиз бирөөлөр камакка алынган "Элдик парламент" оппозициялык бирикмесинин мүчөлөрүн №1 абакка которууга кызыкдар болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине камакка алынган Бекболот Талгарбековдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. 

Анын айтымында, 1-июндан бери ал Талгарбеков менен жолуга албай келет. 

"Эки күндөн бери аракет кылып жолуга албай жатам. Кечээ күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына чейин барып, андан ары киргизбей коюшту", — деди адвокат. 

Митингдин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия "Элдик парламентке" "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок
Айткулов ага жеткен маалыматтар боюнча белгисиз бирөөлөр "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүн №1 абакка которууну көздөп жатышат. 

"Бул кадам менен алар оппозиционерлерге басым жасагысы келүүдө. Менин маалыматым боюнча аларды "черныйларга" дайындашы мүмкүн", — деди Айткулов.

УКМК оппозиция мүчөлөрүн №1 абакка которуу боюнча маалыматы жок экенин билдирди. 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Александр Никсдорф оппозиционерлерди УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан абакка которуу үчүн соттун чечими керектигин билдирди. 

"Айткулов айтып жаткан маалыматтар чындыкка коошпойт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кошумча көйгөйлөрдүн кереги жок", — деди Никсдорф. 

Буга чейин бийликти күч менен басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен "Элдик парламенттин" үч лидери — Бекболот ТалгарбековМарат Султанов жана Төрөбай Колубаев кармалган. Сот аларды эки айга камакка алуу боюнча өкүм чыгарган. 

Кийинчерээк "Элдик парламенттин" мүчөсү делген Александр Гусев да камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0