Шал оорусун жеңген жигит: сөөктөрүмдү сындырып жатканда өзүмдү кордолгондой сезгем

© Фото / Сабина ГалееваТубаса шал оорусун жеңип чыккан 26 жаштагы Рустам Галеев. Архив
Тубаса шал оорусун жеңип чыккан 26 жаштагы Рустам Галеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тубаса шал оорусун жеңип чыккан 26 жаштагы Рустам Галеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотовага эмне үчүн Николай Валуевди акылдуу деп эсептерин, Майрам Акаева менен кантип бийлегенин айтып берди.

Ал балдардын церебралдык шал оорусунан айыга алган. Азыр жаш жигит толук кандуу өмүр сүрүп, спортзалга барып, графикалык дизайнер болуп иштейт. Анын эрки кандай гана болбосун, кол куушуруп отуруп калуунун кереги жок экендигине мыкты үлгү.

— Өз таржымалыңызды баяндап интернетке чыгарган тасмаңызды аябагандай көп кишилер көрүптүр. Бул өбөлгө болчу чоң нерсе да!

— Ооба, аны тартууну сунушташканда дароо макул болгом. Бирок ошончо киши көрүп, мынчалык көп колдоо болорун ойлогон эмесмин. Бул мага окшогондор үчүн да, дени сактар үчүн да жакшы түрткү болот. 

Колдо барды барктап, андан да жакшы болушу үчүн аракет кылыш керек. Мурда өз дартымды жашырчумун, интернеттеги досторумдун эч кимиси билчү эмес, тартынчумун да. Чоңойгондон кийин адамдын колунан келбей турган эч нерсе жоктугун, баары өзүңдөн болорун далилдешим керектигин түшүндүм. 

— Ооруну кантип тизгиндей алдыңыз?

— Менин ата-энем аябай эрктүү кишилер. Мен эл катары жашоом үчүн жан аябай күрөшүшкөн. Балалыгым оор болду: дайыма массажга алып барышып, сөөктөрүмдү да сындыртышты. Аябай ооруган. 

Мурда ата-энем мени кордоп, атайын кыйнап жатышат деп ойлочумун. Бирок ошонун баарын башымдан өткөрбөгөндө азыркыдай натыйжа чыкмак эмес. Азыр ушул абалымды сакташ үчүн спортзалга барып турам.

© Фото / Сабина ГалееваКичинекей Рустам ата-энеси менен
Интервью с преодолевшим ДЦП Рустамом Галеевым - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей Рустам ата-энеси менен

— Машыгуулар дартты күчөтпөй кармап турганга жардам береби?

— Натыйжа бар, негизгиси, аны жоготпош керек. Машыгуу өтө кыйын. Башында аябай оор болду, азыр көнүп калдым. Спортзалдагылар оорум жөнүндө билишкенден кийин бекер машыгууга уруксат беришти. Чоң белек катары кабыл алдым.

— Дартыңызды билгенде тегеректегилердин мамилеси өзгөрүп кетсе керек?

— Муну көбүнчө жумуш издеп жүргөндө сездим. Азыр мен түнкү клубдардын биринде графикалык дизайнер болуп иштейм. Ага чейин көп жерге резюмемди берип, ондогон маектешүүдөн өттүм. 

Жумушум жакканы менен, мени ылайык келбейсиң деген учурлар көп болду. Бирок мен аларды түшүнчүмүн, таарынчу эмесмин. Азыркы жумушумдан чалышканда, аларга мендейдин эмне кереги бар деп ойлогом. Жумуш берүүчүлөрүм мени ишиңди жакшы жасайт экенсиң, бизге ошол гана керек, калганы бизди кызыктырбайт дешти. 

— Бекер бир нерсе алганды, жеңилдикти жакшы көрбөсөңүз керек?

— Ооба, мен баарын өзүм жасай алам. Университеттин акысыз бөлүмүнө эл аралык мамилелер факультетине өзүм эле өткөм.

© Фото / Сабина ГалееваРустам Галеев (солдо) университеттеги достору менен
Интервью с преодолевшим ДЦП Рустамом Галеевым - Sputnik Кыргызстан
Рустам Галеев (солдо) университеттеги достору менен

— Досторуңузчу?

— Жакшы көрүшөт, кадимкидей эле тамашалашабыз. Баары элдикиндей эле (күлүп). Мен алар үчүн бөтөнчө эмесмин. Кыздар менен кантип тил табышасың деп сурап калышат дос балдарым. Сени түшүнгөнү болот, түшүнбөгөнү болот.

— Сөзүңүзгө аралжы, кыздар жөнүндө көбүрөөк айтып бериңизчи?

— Өзгөчө деле эч нерсе жок. Күлкүлүү окуялар да болгон. 1-курстан бир кыз жагып калды. Мурда кебетем башкачараак болчу — аябай арык, анан мурутчан элем. Айлакерлик кылып көрөйүн деп, бир китеп керек болуп жатат дедим. Кечинде атамдын машинасын алдым. Айдоочулук күбөлүгүм жок болгону менен, айдаганды билем. Оорумдун айынан врачтар күбөлүк жазып бербейт. Гүл сатып алып, өзүмдү ишеничтүүрөк сезиш үчүн досумду кошо алып, баягы кызга жөнөп калдым. Ал болсо чыкпай койбоспу. Эртеси күнү универге баягы атамдын машинасы менен бардым. Үйүнө узатып барам деп ойлогом да! Кайдан! Макул болбой койду. Мен болсо ары-бери айдап жүрөм, бир жолдун кесилишинде светофор иштебейт экен. Иши кылып, машинаны мырыйтып, атамдын нааразы кылып тынгам. Баягы кыз менен болсо дос болуп калдык. 

— Кандай пландарыңыз бар, эмнеге жетсем дейсиз?

— Мен көп жерде иштеп көрдүм: документтерди котордум, ал турсун, продюсердик борбордо да күчүмдү сынап көрдүм, бул эң кызыктуу иштердин бири болчу. Көп сандагы кызыктуу кишилер менен таанышканга үлгүрдүм. Мисалы, Николай Валуев көпчүлүк ойлогондой макоо эмес деп айта адам. 

© Фото / Сабина ГалееваРустам Галеев белгилүү мушкер Николай Валуев менен
Интервью с преодолевшим ДЦП Рустамом Галеевым  - Sputnik Кыргызстан
Рустам Галеев белгилүү мушкер Николай Валуев менен

— Аны менен кантип тааныштыңыз эле?

— Бишкекте биздин команда анын чыгармачыл кечесин уюштуруп, ага мен да катышкам. Валуев, албетте, укмуш эми. Ал аудитория менен жакшы мамиле түзө алат экен. Сүйлөгөнүнөн кийин ага башкача мамиле кылып калдым. 

Бала кезимде Майрам Акаева менден эмнени каалайсың деп сураганы кызыктуу болгон. Президент болгум келет деп жооп берген элем! Үйү жок балдарга үй салып, жолдорду түздөйм деп кыялданчумун. Муну мен эмес, президент да жасай албастыгын эми гана түшүндүм. 

— Майрам Акаева дейсизби?! Качан? Кантип?

— Ооба, кадимки эле Майрам Акаева. Мен анын күйөөсү менен да тааныш болчумун, бирок эжени көбүрөөк билер элем. Акаева балдардын реабилитациялык борборуна келген. Ал тургай, экөөбүз бийлегенбиз. Мен алгачкы бийимди өлкөнүн биринчи айымы менен бийлегем деп сыймык менен айта алам. Акаев менен мага мыкты окуганым үчүн сыйлык тапшырып жатканда таанышкам. 

— Сиз кандайдыр бир алдыга сүрөөчү программа түзүүнү ойлогон эмес белеңиз?

— Ойлогом. Менин үй-бүлөм басып өткөн жол буга жакшы үлгү экенин түшүнөм. Китеп жазуу жөнүндө али ойлоно элекмин (күлүп). Азырынча роликтер менен маектер жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0