Депутат: өспүрүмдөрдү никелешүүгө тыюу салганга каршы болгон депутаттар калп актанууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТеспе. Архив
Теспе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында регламентке ылайык, "менин ордума башкалар добуш берип коюптур" деген депутаттар арыз жазып, мыйзам долбоорун кайра добушка алып чыкса болот.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жашы жете электер менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна каршы добуш берип, ал добуштарынан танган депутаттар ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине арыз жазбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эске сала кетсек, эл өкүлдөрү жашы жете элек өспүрүмдөр менен никеге турууга каршы багытталган мыйзам долбоорун колдобой койгон

Шыкмаматовдун айтымында регламентке ылайык, "менин ордума башкалар добуш берип коюптур" деген депутаттар арыз жазып, мыйзам долбоорун кайра добушка алып чыкса болот.

"Мыйзам боюнча добушун танган депутаттар парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине арыз жазса болмок. Моюндары жар бербей жатат окшойт. Мыйзам долбооруна каршы добуш бергендер ЖМКлар аркылуу ордуна башкалар добуш берип койгонун айтып чыгышты. Андай болсо эмнеге арыз жазып кайрылбайт? Жөн гана коомчулук алдында актануу деп айтаар элем", — деди депутат. 

Ал азырынча бир гана депутат Айнуру Алтыбаева арыз жазганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0