"Чалдыбардагы" оңдоо ишинен улам "Актилек", "Чоң-Капка" аркылуу да өтүү сунушталды

© Фото / пресс-служба ГПС КРКөзөмөл өткөрүү жайы. Архив
Көзөмөл өткөрүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматы ары-бери каттагандардан бул убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасашын өтүндү.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайындагы оңдоп-түзөө иштеринен улам айдоочуларга кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" жана "Чоң-Капка" аркылуу өтүү да сунушталууда. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Оңдоо иштери 4-июнда башталды.

"Оңдоо иштери мамлекеттик чек арадан өткөндөр үчүн аталган жайдын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн жасалууда", — деп билдиришти Чек ара кызматынан. 

"Чалдыбарда" эки жактан каттаган жүргүнчүлөрдүн топтолуп калуусунун алдын алуу максатында айдоочуларга кыргыз-казак чек арасындагы башка көзөмөл өткөрүү жайлары сунушталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0