Мыкы: казактардан айырмаланып, биз бардык нерсени тамашага салсак болот

© Фото / предоставлено Мыктыбеком МукаевымЮморист Мыктыбек Мукаев. Архив
Юморист Мыктыбек Мукаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВН же "Тамашоу"? Кыргызстандыктар эмнеге боору эзиле күлөт да, кандай тамашаны таптакыр кабыл албайт? Бул жөнүндө Sputnik кабарчысы Бермет Кулбаева билип көрдү.

Юморист Мыктыбек Мукаев менен маектешүү оңойго турган жок. Тамаша жылдызы менен түнкү саат экиде гана сүйлөшө алдым. 

— Сиз Comedy Battle катышкандан кийин кеңири таанылдыңыз. Телеге чыккандан кийин бир нерсе өзгөрдүбү?

— "Баттлга" чейин мени тамашачылардын белгилүү бир тобу гана билчү, ТНТ каналынан көрсөткөндөн кийин мени көчөдөн таанып калышты, чогуу сүрөткө түшөлү деп да калышат. Түрдүү концерттерге, жамааттык кечелерге чакырып, жарнамаларга тартылууну сурана башташты.

Мурда "Баттлдын" катышуучусу катары эле таанышса, эми "Жарайт ситинин" резиденти катары таанышат. Калганы болсо мурдагыдай эле.

— ТНТга кантип барып калдыңыз?

— 2014-жылы жайында шоунун ошол кездеги катышуучусу, биздин досубуз Аким Карасаев келип, ал жакка өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгүңөр бар деп кастингге барууну сунуштап калды. Ал кезде Бишкекте стендап-кечелерди өткөрүп жатканбыз.

© Фото / предоставлено Мыктыбеком МукаевымЮморист Мыктыбек Мукаев Кыргызстандан барган Comedy Battle сынагынын катышуучулары менен
Участник Comedy Battle Мукаев рассказал, какую шутку вырезали на ТНТ - Sputnik Кыргызстан
Юморист Мыктыбек Мукаев Кыргызстандан барган Comedy Battle сынагынын катышуучулары менен

Балдар менен кастингге даярдана баштадык. 2015-жылы февралда Санкт-Петербург шаарына учуп кеттик. Бирок менден башкасынын баары тандоодон өттү. Кол куушуруп отуруп калган жокмун, балдар менен Москвадагы кастингге жөнөдүк. Ал биринчисинен кыйыныраак дегенине караган жокпуз. Тизме боюнча кезекте 20 миңинчи болчумун. 

Кастингде бтүндөй команданын алдында чыктым. Алар продюсерлер, редакторлор жана долбоордун авторлору эле. Арасында Comedy Club productions продюсери Вячеслав Дусмухамедов өзү бар болчу. Кыйын эле болгон.

— Долбоорго ошончо киши киргиси келет бекен?! Кызыктуу болуш үчүн келбети, жүрүм-туруму элдикине окшобогон, бөтөнчө бир адамдарды тандашат деген чынбы? "Баттлга" кимди жана кандай көрсөткүчтөр боюнча тандап алышат экен?

— Шоу кызыктуу болушу үчүн, көптөн бери мыскыл-тамаша менен алектенген актерлорду же юмористтерди уюштуруучулар өзүлөрү чакырат. Алар үчүн кандайдыр бир образды ойлоп таап, ошону менен сахнага чыгышат. Бирок алар эртедир-кечтир долбоордон кетет.

— Шоуну тартуу аянтчасында кандай атмосфера өкүм сүрөт болду экен?

Визит заслуженной российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринбасарова: Кыргызстандын абасы кишинин демине дем кошот
— Кадрдын ары жагында баары ынтымактуу. Катышуучулар бири-бири менен катышып, дос. Менин Россиядан, Казакстандан, Белоруссия менен Украинадан досторум аябай көп, алар менен азыр да катышымды үзбөйм. Ал жакта жердеш деп бөлүшүү жок. 

Быйыл мен барган жокмун, ошон үчүн азыр ал жакты, телеге тартуулар аяктагандан кийинки чогулуп отурганыбызды сагынам. Кыскасы, ал жакта жыргал, сөз менен айтып бере албайсың.

— Демек, катышуулар арасында атаандаштык жок деңизчи?

— Ошондой десе да болот, эч кандай тирешүүчүлүк жок. Баары тең жаркылдап-жайнап турушат, кантсе да мыскыл-тамашачылар да. Мисалы, көрүүчүлөрдүн арасында "Баттлдын" катышуучулары отурса, ар бир чыккан адамды колдоп турушат. Мен чыкканда "Мыкы!" деп кыйкырышып, кол чаап турушкан. Бул ушундай көңүлдү жылытат дейсиз!

— Биринчи жолу сахнага чыкканда эмнени ойлоп, эмнени сездиңиз?

— Сөзүмдү унутуп калбасам экен деп кыпылдагам. Калыстар менен учурашып, өзүмдүн монологумду окуй баштаган алгачкы 10 секундада уш-ш-шундай толкундангам дейсиз. Бирок экинчи тамашамдан кийин зал кол чаап, калыстар күлө баштаганда ишенич пайда болду. Иши кылып эле уят болбосом экен дегем. 

© Фото / предоставлено Мыктыбеком МукаевымМыктыбек Мукаев ТНТ каналындаы алгачкы ирет сахнага чыккандан кийин
Участник Comedy Battle Мукаев рассказал, какую шутку вырезали на ТНТ - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Мукаев ТНТ каналындаы алгачкы ирет сахнага чыккандан кийин

— Айта турган тамашаңызды унутуп калсаңыз эмне кыласыз? Сахнада ушундай калпыстык болду беле?

— "Камединин" сахнасында андай болгон эмес, Бишкекте болсо сөздөрдү унутуп калган учурлар бар. Андайда тапкычтык кылып, турган жериңден ойлоп чыгара коюшуң керек. Бирок текстти эртерээк жаттап алганың жакшы. 

— Сизге тамашаларды ким ойлоп таап берет?

Өлкөнүн бокс боюнча чемпиону, Азия Mix квн командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIXтеги" Маратик: КВНге чейин Валуев менен мушташкам
— Көбүнчөсү өзүм. Айрымдарын балдар менен чогуу ойлоп чыгарабыз. Кээде тааныш юмористтер мага көбүрөөк ылайык деп кайсы бир тамашаны сунуштап калышат. "Баттлда" болсо биз өз архивибизден көп нерсе алдык. Алар стендап-кечелерде мурдатан окулган тамашалар.

— Адатта баары эле обого чыга бербейт. Сиздин кайсы тамашаларыңызды кесип салышты эле?

— Менин бир-эки тамашамды алып коюшкан, бирок негизи баарын эле көрсөтүштү. Кайсыларын алып салганы, чынын айтсам, эсимде деле жок. 

— Калыстар жөнүндө айтып бериңизчи. "Баттлда" тамашаларды юмордун атасы дегендер баалашары баарыбызга белгилүү. Юмористтер адатта турмушта түнт жана кызыксыз болушат деп көп уккам. Калыстар кандай адамдар?

— Эч өзгөчөлүктөрү деле жок. Турмушта жөнөкөй жана жаркылдаган адамдар. 

— Украинанын "Рассмеши комика" программасына катышкан элеңиз. Одоно бир сөздү колдондуңуз эле. Ага сиздин ата-энеңиз эмне деди?

— Ата-энем аны көрө элек. Көрбөй калгылары да бардыр (күлөт). Бирок көрсө да, түшүнүшөт. 

— Дегинкиси, сиздин ишиңиз аларга жагабы?

— Алар менин чыгармачылыгымды дайыма колдошот, түшүнүү менен мамиле кылышат. 

— Кайсы темалар кыргызстандыктар үчүн күлкүлүү, кайсылары күлкүлүү эмес?

— Кыргызстандыктар чыныгы турмушка, саясатка байланышкан тамашаларга күлүшөт. Биз жеке сынды жеңил кабыл алабыз. Мына быйыл мен команда менен Казакстандын "Жайдарман" КВН лигасына катышканы жатам, ал жакта айрым темалар жөнүндө тамаша курууга бизге тыюу салып жатышат.

Ал эми Кыргызстанда чабанды да, президентти да кошуп тамашага чалсаң болот. Россия жөнүндө айтсам, ал жакта адабий тамашаны жогору баалашат.

© Фото / предоставлено Мыктыбеком МукаевымМыкы актирса Ирина Чеснокова менен
Участник Comedy Battle Мукаев рассказал, какую шутку вырезали на ТНТ - Sputnik Кыргызстан
Мыкы актирса Ирина Чеснокова менен

— Сиздин оюңузча, КВНдин келечеги чоңбу же Тамашоунунбу?

— Мениме, бардык жерде келечек бар. Мисалы, мен КВНде да, "Тамашоуда" да ойнойм. Жалгыз айырмасы — бул тили. Тамашалар бирдей боло бериши мүмкүн.

Азыр өлкөнүн ичинде "Тамашоунун" келечеги кеңирирээк. КВН болсо орус тилдүү көрүүчүлөр үчүн, аны негизинен шаарда гана көрүшөт. Эки лигада тең абдан таланттуу балдар бар. 

— Азыр жакшы тамаша канча турат?

— Чынын айтсам, эч качан тамаша сатып да, сатып алган да эмесмин. Угушумча, КВНдин Жогорку лигасында жакшы тамаша чоң акчага бааланат.

— Сиз "Жарайт ситиде" дагы тартылганыңыз белгилүү. Кадрдан сырткары актерлордун мамилелери жөнүндө айтып бериңизчи?

Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX": Эрнст столду ургулап, Галустян көзүнөн жаш акканча күлдү
— Биз "Жарайт ситинин" актерлору гана эмес, сценарийинин автору да болобуз. Кадрдан сырткары убакытты бирге өткөрөбүз, эс алабыз, туулган күндөрдү белгилейбиз, күн сайын көрүшөбүз десем болот, чакырылган актерлор да бар, алар менен тартуу учурунда гана жолугабыз. Биз чоң үй-бүлөбүз. Азыр долбоордун 2-сезонун тартып жатабыз, ал күздөн баштап көрсөтүлө баштайт. Андыктан күтүп тургула, күлкүлүү нерселер көп болот.

— Кыргызстанда белгилүү болуп бара жаткан адамсыз. Сизди жактырган кыздар көп болсо керек. Өзүңүзгө бирөөнү тандадыңызбы?

— Билбейм, азырынча тандай элекмин. Кыз издегенге убактым жок: университетти бүттүм, тартылып жатам, жумуш дегендей. Ал эмес, үйдөгүлөр менен да жумасына эки эле жолу сүйлөшөм.

— Кандай кызга көңүл бурасыз?

— Ал жөнөкөй, тарбиялуу, акылдуу жана албетте, сулуу болушу керек. Эң башкысы, жөнөкөйлүк, себеби дал ушул сапат адамга көрк берет. Анын кандайдыр бир менин көңүлүмдү бура турган өзгөчө сапаты болушу керек. Табам деген үмүттөмүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0