Муфтий Токтомушев Орозо айынын башталышы менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий ар бир мусулманга туткан орозосу кабыл болуп, билип-билбей кетирген кемчилдиктердин кечирилишин каалады.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды бүгүн башталган орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Муфтий орозо айы Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн ай экенин белгилеп, орозо кармоо жекелик жана коомдук ибадат болуп эсептелерин айтты.

"Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүсүнө көмөк болуучу кайрымдуулуктарга ээ. Жасалган жакшылыктардын сообу башкача болуп, ашыгы менен берилет", — деп айтылат куттуктоодо.

Муфтий ар бир мусулманга туткан орозосу кабыл болуп, билип-билбей кетирген кемчилдиктердин кечирилишин каалады.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысы кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0