Чүй проспектисиндеги Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдоодон кийин ачылды.

Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдолуп, жол ачылды

58
(жаңыланган 12:40 06.06.2016)
Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 33,9 миллион сом жумшалды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Чүй проспектисиндеги Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

  • Чүй проспектисиндеги Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдоодон кийин ачылды.
    Чүй проспектисиндеги Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдоодон кийин ачылды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Көпүрөнүн оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү 2015-жылдын сентябрь айында башталган.
    Көпүрөнүн оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү 2015-жылдын сентябрь айында башталган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Чүй проспектисиндеги Аламүдүн дарыясындагы көпүрө оңдоодон кийин ачылды.

Көпүрөнүн оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү 2015-жылдын сентябрь айында башталган. 

"Буга чейин көпүрөнүн туурасы 15 метрди түзүп келген. Учурда алты сызыктуу жол каттамы ачылды. Көпүрө 19,2 метрге чейин узарып, тротуарды кошкондо 34 метрди түздү. Эки тарабы тең үч метрге кеңейди", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 33,9 миллион сом жумшалды. 

58
Белгилер:
жол оңдоо, көпүрө, Аламүдүн дарыясы
Тема боюнча
КМШ премьерлеринин сапарынан улам "Манас" аэропортуна чейинки жолду оңдоо токтотулат
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

18
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

18
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

28
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

28
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн