Газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыркаган төрт кишинин абалы оор

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт болгон жердеги өрт өчүрүү кызматы.
Өрт болгон жердеги өрт өчүрүү кызматы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы жарылууга ширетүү иштериндеги этиятсыздык себеп болушу мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыркап, оорукана түшкөн 9 кишинин төртөөнүн абалы учурда оор бойдон калууда. Бул туурасында шаардык №4 оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жарылган бензовоздон чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Газ ташуучу автоунаанын өрттөнүшүнүн асмандан көрүнүшү
Жарылуу болгон тууралуу билдирүү саат 18.20да келип түшкөн. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр менен Тез жардам кызматынын дарыгерлери да иштешкен. Башында бензин ташуучу автоунаа жарылганы маалымдалган болчу.

Бишкек мэриясы жарылууга ширетүү иштериндеги этиятсыздык себеп болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Кубатбеков алдын ала маалымат боюнча жабыркаган төрт киши оор жаракат алганын билдирди. Алардын денесинин 90 пайызы күйүп калганы болжонууда.

"Азыр так айта албайм, бардыгы болжолдуу түрдө гана. Маалыматтар эртең такталат", — деди ал.

Фучик көчөсү "Манас" аэропортунан келе турчу автожолдун уландысы болуп эсептелет.

Кырсык болгон жерден алынган алгачкы кадрларды Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0