Атамбаев финансы жана экономика кызматкерлерин куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент куттуктоосунда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, экономиканын көмүскө секторун колдон келишинче азайтуу, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү пайда болгон жаңы милдеттерге ыкчам жооп кайтаруу керектигин айткан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев өз куттуктоосунда Кыргызстандын экономикасы көптөгөн башка ачык экономикалар сыяктуу эле түрдүү тышкы таасирлерге дуушар болуп, өткөн жылы дүйнөлүк чийки зат рынокторундагы олку-солкулуктарга байланышкан тышкы макроэкономикалык шарттар өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн жагымсыз болгонун белгиледи.

"2015-жылы ушундай шарттарга карабастан Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасынан эң чоң көрсөткүчкө жетишип, экономиканын өсүшү 3,5 пайызды түздү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин туруктуу өсүү тенденциясы уланууда. "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингинде позициябызды жакшыртып, 2014-жылдагы 102-орундан 2015-жылы 67-орунга көтөрүлсөк, бюджеттин ачык-айкындуулук рейтингинде 2015-жылы 76-орундан 34-орунга жогорулай алдык", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын төрагасы: бизде электрондук банкноталарды жакшы колдонбойт
Ошондой эле былтыр Кыргызстанга көз карандысыздыгын алгандан бери алгачкы жолу эл аралык кредиттик рейтингдик агенттиктер тарабынан суверендүү кредиттик рейтингдер ыйгарылганын баса белгиледи.

Президент куттуктоосунда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, экономиканын көмүскө секторун колдон келишинче азайтуу, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү пайда болгон жаңы милдеттерге ыкчам жооп кайтаруу керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0