Спорт боюнча мамлекеттик агенттикти Канат Аманкулов жетектемей болду

© Фото / пресс-служба ГАФКиСУлуттук олимпиада комитетинин (УОК) жетекчиси Канат Аманкулов. Архив
Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) жетекчиси Канат Аманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин Улуттук олимпиада комитетин башкарып келген.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Канат Аманкулов Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Аманкулов буга чейин Улуттук олимпиада комитетин (УОК) жетектеп келген. Ал эки жумушту бир алып бара турганын билдирди. 

"УОКтун жетекчиси катары ишимди уланта берем. Жумуш жолго салынган, кыйынчылык болбойт. Жаңы жумушта болсо Риодо өтчү Олимпиадага даярдыкты күчөтөбүз", — деди Аманкулов. 

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол коюп, Аманкулов жаңы кесиптештерине тааныштырылды. 

Буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигин Шейшенкул Бакиров жетектеп, өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0