Орозо айында ифтарга даярдануу. Архив

Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат

2694
(жаңыланган 22:41 07.06.2016)
Кыргызстанда орозо кармоо убактысы 17 саат 40 мүнөттү түзөт. Ал эми географиялык абалынан улам быйыл 20 саат же андан да көп убакыт орозо кармаган мамлекеттер да бар.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 6-июндун таңында мусулмандар ооз бекитип, орозо кармашты. Алардын ичинде Кыргызстандын мусулмандары да бар. Быйылкы орозо жыл ичиндеги эң узун күн саналган 22-июнга да туш келүүдө. Андыктан быйыл Кыргызстанда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин дээрлик 17 саат 40 мүнөттөй оозуна наар албай жүрүшөт.

Facebook социалдык тармагынан башкы бети. Архив
© Sputnik / Наталья Селиверстова
Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн чар тарабында эң узун орозо кармаган аймактарды тизмектеп көрүүгө аракет кылып, ал жакта жашаган мекендештердин пикирин билүүгө ашыкты.

Учурда Россиянын Белгород облусуна караштуу Старый Оскол шаарында иштеп жаткан Улан Азимов дээрлик 20 сааттай Орозо кармап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Бизде аба ырайы өтө ысык болбогондуктан азырынча суусап, кыйналуу дегенди биле элекпиз. Түнкү саат 01:50гө чейин ооз бекилип, кечинде саат 21:05тен кийин ооз ачып жатабыз", — дейт Азимов.

Ал эми АКШнын Чикаго шаарында иштеп жүргөн Жакшылык Муратов 17 саатка чейин орозо кармап жатканын билдирди. Орозо жаңы гана башталгандыктан азырынча кыйынчылык деле болбогонун айтат.

"Биз таңкы саат 3.29га чейин ооз бекитип, кечинде саат 8.24төн кийин ооз ачып жатабыз. Күн деле ысык, бирок кыйналган деле жокпуз. Мен 10 жылдан бери орозо кармап келем", — деди ал.

Австралиянын Мельбурн шаарында иштеп жаткан Алтынбек Усенов учурда аларда кыш, күн суук экенин айтып, андыктан 12 сааттан ашыгыраак орозо кармап жатышканын билдирди.

"Бизде кыш болгондуктан орозо кармагандар кыйналган жок", — деди Усенов.

Сурамжылоо

Быйыл орозо кармадыңызбы?
  • Ооба, ал ар мусулмандын парзы
    78.9% (1383)
  • Ооба, үй-бүлөбүз менен кармадык
    16.1% (282)
  • Жок, бул ысыкта чыдабайм
    1.9% (33)
  • Ден соолугуман улам кармаган жокмун
    2.3% (40)
  • Апей, Орозо да башталып калдыбы
    0.8% (14)
Добуш бергендер: 876
Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттердеги мусулмандар жашаган өлкөсүнүн географиялык абалына байланыштуу 18 сааттан 21 саатка чейин орозо кармашууда. Мисалы, Англияда орозо кармоо 18 сааттан ашса, Канадада 19 саатка чейин кармалууда. Ал эми Швеция, Норвегия, Германия жана Россиядагылар 20 сааттан ашык орозо кармашат. Орозо күнү эң эле көп Исландияда катталган, андагы мусулмандар 21 саат бою орозо кармашат.

Орозонун башталышы менен ооз бекитип, орозо кармоого уруксат бербеген же анын айрым амалдарын аткарууга жолтоо болгон мамлекеттер дагы жок эмес.

Aljezeera агенттигинин маалыматына таянсак, Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда жергиликтүү элдин орозо кармашына тоскоолдуктар жасалууда. 

"Кытай бийлиги уйгурлар көп жашаган Синьцзян Уйгур автономиялуу облусундагы мамлекеттик жетекчилердин, окуучулардын орозо кармоосуна тыюу салганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди. 10 миллиондон ашык уйгурлар жашаган аймактарда күндүз айрым тамактануучу жайлардын иштөөсү милдеттендирилди", — деп жазат Aljezeera басылмасы.

Ал эми коңшу Өзбекстан орозо айында эл чогултуп ооз ачууга тыюу салганын өлкөнүн айрым жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Тыюу салуу аракеттери былтыр да киргизилген. Анда мындай аракеттер элди экстремисттик агымдарга берилип кетүүсүнүн алдын алуу катары түшүндүрүлгөн.

6-июнда башталган Орозо 5-июлда аяктайт (Айдын жаңырышына карата бир күн айырмаланышы мүмкүн).

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

2694
Белгилер:
орозо, дин, АКШ, Кыргызстан, Россия
Тема:
Орозо — 2016 (30)
Тема боюнча
Орозо кармоо тартиби: эмнеге уруксат берилип эмнеге тыюу салынат
Битир-садаганын баасы белгилүү болду
Чубак ажы орозо кармоонун эрежелерин түшүндүрүп берди
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

234
(жаңыланган 12:39 03.12.2020)
Маалыматка караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бейтап коронавируска кабылып, илдети өрчүп кетип невмонияга айланганы айтылып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетине чалдыгып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Ага караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.

234
Белгилер:
ден соолук, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты
Компьютерде иштеп аткан киши. Архивдик сүрөт

Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме

69
(жаңыланган 13:13 03.12.2020)
Мамлекет башчы болом деген адам элди бардык жагынан кызыктырат. Ата-теги, үй-бүлөсү, эмне иш кылары, кимдер менен дос экени, айтор көп нерсени билгибиз келет.

Бул кадыресе көрүнүш, анткени ар бир киши өз тагдырын, келечегин кимдин колуна тапшырарын билиши керек. Бүгүн президенттикке талапкерлердин кайсы окуу жайда окуп, кандай кесипке ээ экенине кызыгып көрдүк.

Учурда талапкерлердин тизмесинде 45 киши бар. Арасынан бирөөнүн жогорку билими жок экен. Айрымдары жергиликтүү гана окуу жайларды бүтүргөн болсо, билимин чет элдик университеттерде бекемдегендер дагы бар.

Талапкерлер тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан жана ачык булактардан алынды.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров Тверь мамлекеттик университетин (Россия) тарыхчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (КУУ) юрист адистиги боюнча аяктаган.

Арстанбек Абдылдаев

Арстанбек Абдылдаев БШКнын сайтында ал Евразиялык университетти аяктаганы айтылат, бирок башка булактарда 1996-2002-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) экономист адистиги боюнча билим алганы жазылган.

Назарбек Нышанов

Назарбек Нышанов 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун хирург адистиги боюнча бүтүрүп, 1991-жылы Украинанын Запорожье шаарында хирург-онколог дипломуна ээ болгон.

Кубан Чороев

Кубан Чороев Жусуп Баласагын атындагы КУУда экономика жана ишканаларды башкаруу адистигине, андан соң КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистигине ээ болгон.

Канатбек Исаев

Канатбек Исаев 1996-жылы КМУнун эсеп-коммерциялык факультетин товар таануучу адистиги боюнча аяктаган.

Абдыкаар Сыдыков

Ишембай Абдраимов атындагы Жарандык авиация академиясын аяктаган.

Рашид Тагаев

КМУну экономикалык география, Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. СССР ИИМинин жогорку окуу жайында окуган.

Жеңишбек Байгуттиев

1990-жылы КМУну аяктап, тополог адистигине ээ болгон.

Клара Сооронкулова

1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктап, укук таануучу адистигин өздөштүргөн.

Аймен Касенов

1989-1992-жылдары Бишкектеги Суворов аскер училищесинин курсанты болгон. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин аяктаган. Андан соң КРСУда жарандык укук боюнча билим алган. Учурда Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин бизнести башкаруу магистри багыты боюнча студент.

Азамат Эсенбеков

Үч окуу жайда билим алган. Алгачкысы Жусуп Баласагын атындагы КУУда каржы жана насыя адистиги боюнча, андан соң РФ Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында дүйнөлүк экономика адистигине ээ болгон. Кийин КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

Элеонора Турдубекова

1995-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин физика, информатика жана эсептөөчү машиналар боюнча мугалим адистиги боюнча аяктаган. 2000-жылы Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясында искусство таануучу (театр сынчысы) дипломуна ээ болгон.

Урустам Кабылбеков

Бишкектеги №10 техникалык окуу жайын, кийин КМУну каржы жана насыя адистиги боюнча аяктаган.

Ильгиз Товкеев

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган.

Жамбылбек Камчиев

Ош гуманитардык педагогикалык институтун аяктаган.

Мыктыбек Арстанбек

1995-жылы Фрунзедеги Автожол техникумун бүтүргөн. 1992-жылы Политехникалык институттун инженер-курулуш факультетин, 2009-жылы КРдин Тышкы иштер министрлигини алдындагы Дипломатиялык академиясынын политология бөлүмүн аяктаган.

Бактыбек Калмаматов

2006-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Токтайым Үмөталиева

Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган.

Арсланбек Малиев

Арсланбек Малиев Украинадагы Тышкы экономикалык байланыштар жана маалымат илим-изилдөө институтун бүтүргөн.

Медер Болгомбаев

1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин эл аралык укук адистиги боюнча аяктаган.

Бакыт Романов

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Имамидин Ташов

2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну финансы жана кредит — банк иши адистиги боюнча бүтүргөн.

Турсунбай Бакир уулу

1984-жылы КУУну тарых мугалими, 1990-жылы Киевдеги Шевченко атындагы мамлекеттик университетин философия адистиги боюнча бүтүргөн.

Курсан Асанов

Курсан Асанов 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин педагогика адистиги боюнча аяктаган. 2004-жылы ИИМдин академиясын бүтүргөн.

Ербол Токтогулов

Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган.

Темирлан Ормуков

БШКнын сайтындагы маалымат боюнча Жогорку окуу жайын аяктаган эмес.

Каныбек Иманалиев

Каныбек Иманалиев 1993-жылы КМУнун журналистика факультетин, 1998-жылы РФтин президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистиги боюнча бүтүргөн.

Акжолтой Тукунов

2004-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумунан салыкчы кесибине ээ болсо, кийин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн.

Равшан Жээнбеков

1992-жылы КМУнун юридика факультетин, 1996-жылы Россия Федерациясынын Дипломатиялык академиясын аяктаган. 2008-жылы АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун алдындагы Слоундун менеджмент мектебинде "кызматтык башкаруу боюнча магистр" даражасын алган.

Айбек Эркетаев

Токмок агроөнөр жай колледжин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Санжарбек Энназаров

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институтун аяктаган.

Жаныбек Сүйүналиев

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, ал Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган.

Кубанычбек Исабеков

1978-жылы Львов аскердик-саясий окуу жайын (Украина), 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну (юрист адистиги), 2007-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Базарбай Темишов

Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, андан соң КМУнун экономика факультетин аяктаган.

Бакытбек Жумагулов

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун философия жана мамлекеттик кызмат факультетин, КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Бакыт Керимбеков

1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун невропатология адистиги боюнча бүтүргөн.

Эльдар Абакиров

Аль-Фараби Казак улуттук университетинен жогорку билим алып, илимий даражага ээ болгон. Алгач бул окуу жайды (2002-жылы) нейротармактар жана маалыматты коргоо адистиги боюнча актаган. Ошол эле адистик боюнча 2004-жылы магистратура бөлүмүн бүтүргөн. Ал эми 2006-жылы аспирант даражасын алган. Мындан тышкары, Каракол шаарындагы КМЮАда экономика жана укук факультетинде сырттан окуган.

Улукбек Кочкоров

Улукбек Кочкоров 1995-жылы КМУнун финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган. 2001-жылы Россия федералдык коопсуздук академиясында билимин жогорулаткан. 2003-жылы кайрадан КМУда укук таануу адистиги боюнча окуган.

Кубанычбек Токтосунов

Карагандадагы СССР Ички иштер министрлигинин жогорку мектебинин укук таануу адистигин, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин алган.

Адилет Маматов

Богазичи университетин (Түркия), РФ өкмөтүнө караштуу Финансы университетин аяктаган.

Бабыржан Тольбаев

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинде чет тилди которуунун теориясы жана практикасы адистигин өздөштүрүп, ошол эле окуу жайды 2000-жылы юриспруденция адистиги боюнча сырттан окуган. Мындан тышкары, АКШда банк, бизнес жана башкаруу жаатында курстардан өткөн.

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев 1996-жылы Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан окумуштуу-агроном кесибин алып чыккан. Кийин КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын менеджмент багыты боюнча аяктаган.

Мирлан Калыбеков

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган.

Саматбек Ибраев

1989-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунан инженер-куруучу адистигин аяктаган. Ал эми 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетин бүтүргөн.

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров мектептен кийин Дене тарбия жана спорт институтун акятаган. 2006-жылы Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

69
Белгилер:
адистик, билим, талапкер, президенттик шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Кимиси качан 61 жашка чыгат. Президенттикти мелжегендер тууралуу фактылар
БШК: эки талапкер кол топтоо баракчасын тапшырып, бир нечеси күрөө төлөдү
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ. Архив

Синдзо Абэ добуш сатып алуу боюнча шектелип, суракка чакырылды

0
(жаңыланган 13:39 03.12.2020)
Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтырды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Токио шаарынын прокуратурасы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни суракка алганы жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтылды.

Кеп жыл сайын өтүүчү "Сакурага суктануу" салтанаттуу кечеси тууралуу болуп жатат. Адатта ага чет элдик дипломаттар, искусство, спорт, маданият өкүлдөрү жана журналисттер чакырылат. Бирок бул ирет иш-чарага негизинен Либерал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана идеялаштары гана катышкан. Ошондой эле салтанатты өткөрүүгө сарпталган каражат тууралуу так маалымат берилген эмес.

Эске салсак, август айынын аягында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Кийин анын ордуна Либерал-демократтар партиясынын төрагасы жана өкмөт башчы болуп Ёсихидэ Суга шайланган. Суганын талапкерлигин 462 депутаттын ичинен 314ү колдоп берген.

0
Белгилер:
коррупция, шайлоо, Прокуратура, сурак, Япония, Синдзо Абэ
Тема боюнча
Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт