БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл аймагында ден-соолукту чыңдоочу этнокомплекс куруу пландалууда. Юстиция министрлиги айыл жерин трансформациялоо боюнча өкмөттүн токтомун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, бул курулуш туризмди өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн керектиги жазылган.
Ден-соолукту чыңдоо жайын куруу үчүн 2,59 гектар айыл чарба жерин өнөр жай категориясына өткөрүү кажет.