Атамбаевди сотко берген укук коргоочулардын арызы бүгүн саат беште уланат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот отуруму. Архив
Сот отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден моралдык чыгым үчүн 4 миллион сом талап кылышууда.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жалган маалымат таратты деп сотко берген укук коргоочулар — Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилованын арызын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту саат бештен кийин карай турганын Абдрасулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажого айбат кылгандар. "Айыпка илинип кала жаздаган" кыргыз президенттери
Белгилей кетсек, 14-майда Энелер күнүнө карата уюштурулган салтанатта Алмазбек Атамбаев "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп айткан. Бул жыйынга укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан болчу.

Алар өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден моралдык чыгым үчүн 4 миллион сом талап кылышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0