Президент Атамбаев өлкөдөгү улуттар аралык кырдаал боюнча маалымат укту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев менен Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алуу учурнда
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев менен Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алуу учурнда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы мындан ары да улуттар аралык ынтымактуу мамилени сактоого бардык аракеттери көрүлүшү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев менен Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алып, өлкөдөгү улуттар аралык кырдаалдан кабар алды. 

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Рыспаев президентке этностор аралык мамиле жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы иштер тууралуу айтып берди. Анын пикиринде акыркы жылдары тилине, улутуна карабастан бир өлкөдө жашап жатканына сыймыктанган адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР коопсуз өлкөлөрдүн тизмесинде Кытай жана Араб эмирлиги менен бирдей турат
Ал эми Мамытов ассамблеянын ролу жана аткара турган иштеринин багыты өзгөрүп, этностор аралык мамилени жакшыртууга ири салым кошуп жатканын белгиледи.

Жолугушуу соңунда президент Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрүнүн ынтымак-ырашкерликте жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, бул жаатта республиканын тажрыйбасы бар экенине токтолду. 

Атамбаев мындан ары да улуттар аралык ынтымактуу мамилени сактоого бардык аракеттери көрүлүшү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0