Мусулман, христиан, буддист же ар кыл өлкөлөрдөгү динге болгон мамиле

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан мусулмандар. Архив
Намаз окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келгиле, баарыбыз ынтымак-ырашкерчиликте өмүр сүрөлү!

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда намаз окууга убакыт бөлүүнү колдогон жана ага каршы чыккандар жума башынан бери эки жаатка бөлүнүп, бир пикирге келе албай жатышат. Айрымдары эки саат убакытты жумасына бир жолу бөлүп коюу ашыктык деле калбастыгын айтышса, экинчилер бул конституцияга каршы келе турганын жүйө келтиришүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бир коомдо көп улуттун өкүлдөрү жана бир нече динди тутунгандар эриш-аркак жашап жаткан мамлекеттердин айрымдарын тизмектеп көрдү.

Мечитте намазга келген мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаназа. Намаз. Коомчулукту экиге бөлүп чуу салган мыйзам долбоору
Бир жылга жакын Оман мамлекетинде жашап, иштеп келген Мирлан Байсымаков бул өлкөдө мусулмандар басымдуулук кылгандыктан намаз окуу мөөнөтүн узартуу же кыскартуу керек деген маселе жөнүндө укпаганын айтат. Ошондой эле башка диндин өкүлдөрү деле өздөрүнүн сыйынууларын жасап, аларга кимдир бирөөнүн тоскоолдук кылганын укпаганын белгиледи.

Байсымаков ошондой эле орозо учурунда Оманда иш убактысы кыскартыла турганын кошумчалады.

Ал эми Жапонияда илимий иштер менен алектенип жүргөн Жазгүл Келгенбаева күн чыгыш өлкөсүндө исламга жана башка диндерге карата сылык мамиле бар экенин айтат. Келгенбаева жогорку окуу жайларда, ооруканаларда жана башка коомдук жайларда мусулмандардын ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар каралганын билдирет.

"Аэропорттордо, университеттерде абдан ынгайлуу шарттары менен салынган намазканалар бар. Ислам боюнча ар кандай китептер, буклеттер япон тилинде жазылган", — деп өзүнүн жазган блогунда баса белгилеген.

Белгилей кетсек, жапондор негизинен буддизм жана синтоизмди тутунушат. 

Түркиянын Стамбул шаарында 3-4 жылдан бери жашап иштеп жүргөн Тынчтык Турдубеков бул жакта динге карата толеранттуулук бар экенин айтат.

"Түркияда башка диндерге карата толеранттуулук бар. Ашынып чектен ашып кеткендер деле жок. Эгер андайлар болсо аларды атайын дин башкармалыгы тескеп, жөнгө салып коёт. Бул жакта жума намаз маалында атайын кошумча убакыт бөлүнгөн эмес. Айрым ишкана, мекеменин өзүнүн намаз окуй турчу жерлери бар. Ошол жерде намазын окуйт. Кээси иш жеринен суранып мечиттерге барып келишет. Эч ким тоскоолдук кылбайт", — дейт ал.

Орозо айында ифтарга даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат
Учурда Малайзиядагы университетте түрк тилинен сабак берген Азамат Токтосунов бул мамлекетте диндерге бирдей мамиле жасаларын, өлкөнүн негизги дини ислам болгондуктан жума намазы учуруна эч ким олуттуу жолугушууларды дайындабай турганын айтат. Ошондой эле университетте түшкү эс алуу маалы саат 12.00дөн 15.00гө чейин болорун билдирди. Андан сырткары, өлкөдө башка диндердин майрамдары белгиленген күнү эс алуу экенин кошумчалайт.

"Малайзияда кытайлардын жаңы жылы, буддистердин да майрамы жана ислам дининин курман айт сыяктуу майрамдарында эс алабыз", — деди ал.

АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарында жашаган Мырзабек Мураталиев ал жашаган аймактагы кайсы бир динге өзгөчөлүк берилбегенин айтат. 

"Жума намазы түштөнүү маалында эле окулат. Баары ошондо келип намазын окууга аракет кылышат. Башка динди тутунгандардын өз ара мамилеси жакшы, бири-бирине кек сактап же жаман көрүү деген түшүнүктөр жок", — дейт ал.

Мураталиев ал жашаган шаарда катуу азан чакырууга болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0