Ош облусунун жетекчиси кол чатырдын алдына кантип отуруп калганын айтып берди

Жазылуу
Ал актангысы деле келбегенин, бирок жооп иретинде эшик ачмай, папке көтөрмөйлөрдү жактырбагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Актангандык деле эмес, бирок кол чатырды жардамчым кармап турганын өзүм да байкаган эмесмин. Бул бир мүнөткө жетпеген ирмемдерде болуп, аны байкагандан кийин дароо алдыргам. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев билдирди. 

Германиянын канцлери Ангела Меркель Эмсбюрен шаарындагы бала бакчага болгон сапарында - Sputnik Кыргызстан
Өлкө лидерлери жаан алдында же атка минерлер үчүн кол чатыр
Буга чейин Facebook социалдык тармагында Ош облусунун жетекчиси Сарыбашев катар тизилген бош отургучтардын биринде отуруп, анын артында турган костюм-шымчан жардамчысынын жамгырдан калкалап кол чатыр кармап турган сүрөтү жарыяланган. 

Сарыбашев сүрөт Ош шаарында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалынын жыйынтыктап жаткан иш-чарадан, тагыраагы 3-июнда тартылганын жана кол чатыр окуясынын мындайча болгонун айтып берди. 

"Фестивалдын алкагындагы концерт болуп жаткан. Жамгыр жаңыдан себелеп баштаган. Жанымда отурган вице-премьер Гүлнара Каримовнага телефон чалып калып, тура баштаганда кармап отурган кол чатырымды бере салгам. Кайсыл учурда жардамчыларым мага кол чатыр тосо койгонун билбейм, байкагандан кийин дароо алдырдым. Бул бир мүнөткө жетпеген учурда, ал тургай бир нече көз ирмемде болду. Алар ырдап жатса, бардыгыбыз далдоо жерге туруп кеткен да туура болбойт эле", — деди Сарыбашев. 

Ал социалдык тармактагы айтылып жаткан сын пикирлерге актангысы деле келбегенин, бирок жооп иретинде эшик ачмай, папке көтөрмөй деген "кызматтарды" жактыра бербестигин айтты.

"Мен эшик ачтырганды, мындай "кошумча кызматтарды", коштоочуларды ээрчитип жүргөндү жактыра бербейм. Өзүм карапайым үйдөн чыккан адаммын", — деди облус жетекчиси.

Буга чейин социалдык тармакта кол чатыр кармап турган чиновниктин сүрөтүн сындап, "бул эмне деген бай-манапчылык" деген пикирлер жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0