Өкмөт унаанын жарылуусунан жабыркагандардын дарылануусуна 200 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековГазовоз жарылып өрт чыккан жердеги өкм кызматкерлери. Архив
Газовоз жарылып өрт чыккан жердеги өкм кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор абалда ооруканага түшкөн алты жабырлануучунун үчөө каза болду. Калган үчөөнүн абалы азыркы тапта деле кыйын экени айтылууда.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өкмөт газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркагандардын дарылануусуна 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алып жатып билдирди.

Кан тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте күйүп калгандар үчүн Нарында кан тапшырып жатышат
Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 11 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган. Алган жарааттарынан улам анын үчөө каза болду. Калганынын абалы оор экени айтылууда.

Батыралиев өкмөт башчыга жабыркагандардын абалы, дарылануусунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

"Жапа чеккендер өкмөттүн эсебинен дарыланып жатат. Мындан тышкары, ар кыл уюмдардан, жеке адамдардан жардам келүүдө", — деди министр.

Премьер-министр медициналык жардам көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын айтып, өкмөт тарабынан колдоо болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0