ШИИБ: газ ташуучу унаанын жарылуусуна жеңил машина себепкер болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз ташуучу унаанын жарылып кеткен жерде милиция кызматкерлери. Архив
Газ ташуучу унаанын жарылып кеткен жерде милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте дүйшөмбү күнү газ ташуучу унаа жарылып, 11 киши күйүк алган. Эки күндө алардын үчөө каза болду.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Газ ташуучу унаанын жарылып кетишине жакын жерде турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машинанын от алышы себепкер болушу мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Милиция кызматкерлери кырсыкка күбө болгондорду суракка алган. Алар станцияга май куюу үчүн эки газ ташуучу унаа киргенин айтышкан, ал эми жакын жерде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа турган.

"Газды сордуруп куюп жатканда газ чыга баштады. Пропан станциянын аймагына жайылып кетти. Дал ошол маалда Mercedes унаасын от алдырып жиберишти. Учкундан от чыгып, жалын дароо эле үч унааны каптап, башка машиналарга жайылып кетти", — дешкен кырсыкка күбө болгондор.

Жарылуу тууралуу билдирүү Куткаруу кызматына 6-июнь күнү саат 18.20да түшкөн. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр менен Тез жардам кызматынын дарыгерлери иштешти. 11 киши жабыркаган, ооруканага жаткырылган тогуз адамдын үчөө алган жарааттарынан улам каза тапты.

Өрт төрт сааттан кийин өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0